Казакстан 2023-жылдын аягына чейин Өзбекстан жана Кыргызстан менен Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды. Бул Казакстандын 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясында каралган. 1998-жылы март айында Бишкекте кабыл алынган документке ылайык, Нарын-Сырдарыя дарыясынан өндүрүлгөн электр энергиясынын Кыргызстандын керектөөсүнөн ашкан бөлүгү Өзбекстан менен Казакстанга берилет. Анын …
Зеленский Саакашвилини Украинага дарыланууга жөнөтүүнү талап кылды
Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге дарылануу үчүн Украинага барууга уруксат берүүнү талап кылды. Ал Саакашвилинин украин жарандыгы бар экенин эске салды. Зеленский Тышкы иштер министрлигине Грузиянын Киевдеги элчисин чакырууну буйруду. Зеленскийдин мындай билдирүүсүнө дүйшөмбүдөгү Саакашвилинин иши боюнча кезектеги отурум себеп болду. Ага Грузиянын мурдагы президенти ооруканадан видеобайланыш аркылуу катышты. Видеодо Саакашвили …
Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитине онлайн форматта катышат
Прзидент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитинин ишине катышат, ал видеоконференц-байланыш форматында өтөт. Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган ШКУнун бул саммитинин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат. Мындан тышкары, иш-чарага алты …
Кыргызстанда 1-класска 97 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоонун 2-этабы уланууда
2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды, бул жалпы квотанын 52,5% түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун …
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси жыл ичинде үч эсеге көбөйдү
Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик бюджетке 142 млрд 920 млн 173 миң сом түшкөн. Мындай маалыматтар Финансы министрлигинин айлык отчетунда көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Көрсөтүлгөн сумманын 75,5%ы салык кирешелери — 107 млрд 937 млн 911 миң сом. Бул каражаттардын дээрлик 64%ы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган — 68 …
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,3 млрд куб метрди түздү
Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 357 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 430 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Министрлер кабинети MEGA`нын акцияларын 14,6 млрд сомго сатууда
«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду. «Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом. Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт. Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Табыштамаларды кабыл …
Дубай, Сеул, Стамбул. «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот?
Ушул жылдын жай айында «Манас» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат. «Манас» аэропорту багыттарды, каттамдардын жыштыгын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу авиакомпаниялардын аталыштары менен толук тизмени сунуштайт, алар: Россия Avia Trafic Company авиакомпаниясы: Бишкек-Иркутск-Бишкек – жумасына 1 каттам (бейшемби); Бишкек-Казань-Бишкек – жумасына 1 каттам (шейшемби); Бишкек-Красноярск-Бишкек – жумасына 1 каттам …
Кызамыкка каршы вакцина. Баланы канча жашта эмдөөдөн өткөрүү керек?
Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын 12 айында жана 6 жашында алууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. КПК вакцинасы балдарды кызылча, паротит жана кызамыктан коргойт. Кызылча, паротит жана кызамык чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оңой жугуучу вирустук инфекциялар. «Бул үч оорунун белгилери сасык тумоого окшошуп кетет, бирок буга кошумча бүт денеде так исиркектер жана ооруткан …
Кыргызстандагы суу чарба объектилерин оңдоп-түзѳѳгө 460 млн сом каржыланды
2023-жылдын 30-июнуна карата республикадагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүүгө 462,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Ведомствонун маалыматына караганда, Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 млн сом каралган. Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 524,7 км чарба аралык …