Жаңылыктар

Мамлекеттик матрезервдер фонду дыйкандар үчүн 40 миң тонна буудай сатып алат

2023-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги 23%дан кем эмес 40 миң тоннадан аштык буудай сатып алат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, инистрлик тарабынан 40 миң тоннадан ашык буудайдын квотасы облустарга, ал эми облустардан райондорго бөлүштүрүп берилген. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы клейковинсы 23%дан төмөн эмес 1 кг …

Жаңылыктар

Ысык-Көлдөгү өлүмгө алып келген аттракцион кырсыгы. Кылмыш иши козголду

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну болгон. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынды. Эске салсак, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн …

Саясат

2010-жылдагы апрель окуясында Ала- Тоо аянтында каза болуп,сөөгү Ата-Бейитке коюлган адамдар кимдер болгон?

1.Алтынбеков Теңизбек Таабалдиевич : 1981-жылы туулган. 2.Аракеев Алымбек Токтобекович : 1985 — жылы туулган. 3.Жангазиев Нурбек Мотрошкоевич :1958- жылы туулган. 4.Жумаев Мырзабек  Үсөнович;1956- жылы туулган. 5.Жантаев Эрлан Касымович:1986- жылы туулган. 6.Замир уулу Рустам : 1988-жылы туулган. 7.Камчиев Махамаджан Абдрасулович :1969- жылы туулган. 8.Кудайбергенов Жолдошбек Таалайбекович; 1974- жылы туулган. 9.Кулакунов Шабданбек Жолдошевич;1961- жылы туулган. 10.Максүтов Эдил …

Жаңылыктар

Өзбекстандын калкынын саны 36 миллион 370 миңден ашты

Өзбекстанда туруктуу жашаган адамдардын саны 36 миллион 372 миң 300 кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,2% көп. Өзбекстандын Статистика агенттиги жарыялаган маалыматка ылайык, өлкө калкынын 18 миллион 66 миңин аялдар жана 18 миллион 306 миң 300үн эркектер түзөт. Булардын ичинен 18 миллион 557 миң 500 киши шаарларда, 17 миллион 815 миң …

Жаңылыктар

Киров суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Ч.Айтматов районундагы Киров суу сактагычына түшүп кеткен 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Куткаруучулар табылган сөөктү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эске салсак, 22 жаштагы жигит 23-июлда эс алуу учурунда сууга чөгүп кеткен.

Жаңылыктар

Бюджеттик каражатка тендер өткөрүү жокко чыгарылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын …

Жаңылыктар

Унаа уурдагандар кармалды

 Бишкекте унаа уурдаган балдардын тобу Кеминде кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-июлга караган түнү Аламүдүн-1 кичи районун 48-үйүнүн тушунан белгисиз адамдар «Мерседес-бенц» үлгүсүндөгү унааны айдап, из жашырып кетишкен. «Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында 25-июль күнү саат 12:30 чамаларында Кемин райондук милициясы боюнча ЖКККБнүн кызматкерлери тарабынан бул …

Жаңылыктар

Төө-Ашуудагы тоннелди 10 сааттан жабуу башталды

Бүгүн, 26-июлдан тарта Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу күнүгө 10 саатка жабуу башталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот. Ал эми Бишкекти көздөй келе …

Жаңылыктар

Бишкек—Ош жолунда унаа жардан кулап кетти

Таш-Көмүр — Кара-Көл унаа жолунда унаа жардан кулап кетти. Бул тууралуу окуянын күбөсү, фотожурналист Влад Ушаков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, кырсык 25-июлда катталган. Анын кесепетинен аял жана бала жабыркап, аларды ӨКМдин кызматкерлери алып кетишкен. Жолдон өтүп бара жаткан адамдар жабыркагандарды алып чыгышканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар

«Сарсанаа болууга негиз жок». Президент энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу пикирин билдирди. — Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген Жарлыкка кол койдуңуз. Мындай Жарлыкка социалдык тармактарда ар кандай сын-пикирлер айтылып келет. Энергетикада абал ошончолук эле кооптуубу, же ошончолук эле каатчылык деңгээлге жеттиби? Бул тармакка өзгөчө кырдаал киргизбей эле, түзүлгөн абалдан чыкса болбойт беле? — …