Хатлон облусунун прокуратурасы Восе райондук жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Рустам Нозимзоданы улгайган адамды сүзүп өлтүрүүгө айыптады. 21-июль күнү Куляб шаарынын кире беришинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Рустам Нозимзода унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып, Шамсиддин Шохин районунун 83 жаштагы тургуну Амрохон Аломатовду сүзүп кеткен. Куляб шаарынын прокуратурасы Рустам Нозимзода бул окуяга …
Бишектеги бала бакчада наристенин сабалышы. Кылмыш иши козголду
Бишкектеги бала бакчада наристени сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 бала бакчанын тарбиячысы анын 3 жаштагы баласын сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь райондук милициясынын кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты. Жыйынтыгында №94 бала бакчанын тарбиячысы Б.М. өзүнүн …
Соңку жаңылыктар: Жапаров Ош жана Жалал-Абадга барат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
ЖАПАРОВ ТҮШТҮККӨ БАРАТ Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош облустарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, Жапаров 27-31-июлда өлкөнүн түштүгүндө болот. Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. КАРЫЗЫ БАР АБОНЕНТТЕР ӨЧҮРҮЛӨТ Бүгүн, 27-июлдан тарта Бишкекте …
Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Сот адилеттиги үйлөрү сот түзүмүндөгү реформалардын алкагында ачылып жатат, алардын негизги максаты – ар бир жарандын укуктарынын корголушу үчүн сапаттуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бир имаратта ар кандай инстанциядагы соттор жайгашат. Бул үчүн республиканын региондорунда ылайыктуу ири …
Кыргызстандын ар бир жараны эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу
КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмонов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жакында эле кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, аталган мыйзам КР Конституциясынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынган, ага ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили …
“Кыргызмамжердолбоорлоо” ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери кармалды
“Кыргызмамжердолбоорлоо” ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган. Аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик …
Кыргызстанда дыйкандарга дизель майы арзандатылган баада сатылууда
Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3 млн литр дизель отуну жеңилдетилген баада сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дизель отунун үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен «Red Petroleum» компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде дыйкан-фермерлерге дизель отуну базар баасынан төмөн — 65 сомдон сатылууда.
Бишкекте ичүүчү сууга чектөөлөр алынды — мэрия
Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди. Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды. Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү …
Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө бекер операция жасайт
Кечээ, 25-июлда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ду Дэвэнь Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди. Элчи белгилегендей, бул долбоордун алкагында …
27-июлга карата күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 27-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Талас облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл, Нарын облустарында +27…+32 градус болушу күтүлөт. Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.