Жаңылыктар

«Кыргызавтожол” ишканасынын жетекчилиги 10 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган. Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып …