Мындан 13 жыл мурда, 2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облусунда болгон улуттар аралык кагылышуулар тарых бетине «Ош окуясы» деген ат менен ташка тамга баскандай сакталып калды. Жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн, кандуу окуянын чоо-жайын, келип чыгуу себептерин, кесепеттерин Мамлекеттик комиссия, Депутаттык комиссия, Эл аралык көз каранды эмес комиссиялар иликтеп, өз корутундуларын чыгарганы менен, коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук адилет баа бериле элек, чыныгы күнөөлүлөр жазага тартылып, тыкыр иликтенбей келе жатат деген дооматтар дагы жабарлануучу тараптардан айтылып келет.
Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров коомдук пикирге таянып, 2010-жылдагы «Ош окуясын» кайрадан иликтөө, териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитине тапшырма бергени менен дагы жыйынтыгы али толук чыга элек.
Бүгүнкү күнү окуянын чыгыш себептерин иликтөө максатында
2005-2010 жылдагы Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков башында турган көз каранды эмес коомдук комиссия түзүлүп иш алып барууда.