«Кыргызиндустрия» голландиялык компания менен Бишкекке фармзавод курууну талкуулады

 «Кыргызиндустрия» ААК жана голландиялык Biopharmax AVA LLC фармацевтикалык компаниясы Кыргызстанда дары-дармектерди өндүрүү жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө «Бишкек машина куруучу завод» ААК (БМЗ) дагы катышып, анын жүрүшүндө завон курула турган жер менен таанышуу максатында «БМЗ» ААКсынын аймагына барышты. Алдын ала макулдашуу боюнча, «Кыргызиндустрия» ААК өндүрүштүк инфраструктурасын камсыздашы керек, ал …

Амангелдиев Кытайдын Жибек жолу фондунун президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 21-июлда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президенти Цай Сюэцзюнь башында турган Кытайдын Жибек Жолу фондунун (мындан ары — фонд) делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын аймагындагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдерин талкуулашты. Тактап айтканда, министр 2022-жылга карата соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тараптар эки …

Электр энергиянын баасы жыл сайын көтөрүлүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда өткөрүлгөн брифингде билдирди. «Баалар жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Жакында эле 23 тыйынга кымбаттады. Быйыл инфлияциянын деңгээли 13,9 болгондуктан, тариф да ага ылайык көбөйтүлдү. Эгер 2010-жылдан бери 5-10 тыйындан кымбаттатып отурсак, азыр 1 сом 40 тыйын …

Бишкек ЖЭБи 550 миң тонна казак көмүрүн сатып алат

Жылытуу мезгилине карата Бишкек ЖЭБине 1,5 млн тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу маалымат берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев айтты. Анын 300 миң тоннасы ЖЭБдин кампасына жыйналды. Калган бөлүгү Казакстандан жана жергиликтүү кендерден алынат. «Биз казакстандык «Гефес» компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түздүк. Ушул …

Кыргызстанда жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан тарта 21-июлга чейинки аралыкта 69 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23%га өскөн. «Көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун арасында эркек, аял, өспүрүмдөр, ал тургай наристелер да бар. Бул сан эс алуу …

Колледждерге тандоонун I турунда 30,5 миңден ашуун арыз катталды

Орто кесиптик окуу жайларына тандоонун биринчи турунда 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр Бишкек медициналык колледжине – 1 миң 597, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжине – 1 миң 198, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине – 1 …

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алды

Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жарандарды жеке кабыл алды, деп билдирет Омбудсмен институтунун басма сөз кызматы. Акыйкатчыга 1939-жылы туулган Т. Т. анын жеке менчикке ээ болуу укугун калыбына келтирип берүүгө көмөк сурап кайрылды. Ал анын үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулганын айтып берди. “Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы …

Ысык-Көлдө Ташкенттен учуп келген учакты суу аркасы менен тосуп алышты

 Бүгүн «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен келген алгачкы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салтка ылайык, учакты суу аркасы жана салттуу боорсок менен тосуп алышты. «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Өзбекстандын жаңы Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жумасына бир жолу – жума күндөрү учууну максат кылууда. Ташкенттен биринчи каттам менен 177 жүргүнчү учуп келди, ал …

Жакында Нарынга учак каттамы жанданат

Нарындагы жападан жалгыз аэропорт жакынкы аралыкта ишке берилет. Учурда Нарын аэропортундагы жаңы аэровокзалдын курулушу аяктап, ички жасалгасы калды. Жаңы имараттын курулушуна “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, Нарын облусуна ички …

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ошто фотографтардын сынагы өтөт

 Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, шаарда өлкө Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата, 31-август күнү “Түштүк базары” республикалык көргөзмө-сынак жарманкесинин алкагында “Жергемдин жети керемети” аталышындагы фото көргөзмө өтөт. Фото көргөзмөдө өлкөнүн ар кайсыл облус аймактарынын же шаардын жеке тарыхы, тарыхый …