Катардын эмири Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

 Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани 6-7-июнь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Маалыматта министрлик мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жаткандыгы айтылат. Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички …

Айыл чарба министрлиги Бишкек жана анын айланасына суу берүүнү чектөөнүн себебин түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги Бишкекке жана шаар айланасына сугат жана ичүүчү суунун берилишин чектөөнүн себебин түшүндүрдү. Бул Аламүдүн дарыясына суунун агып келиши менен байланыштуу болууда. Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, Аламүдүн дарыясы Арашан, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач, Лебединовка, Көк-Жар айыл өкмөттөрү жана Бишкек шаары үчүн сугат жана ичүүчү суунун маанилүү булагы болуп саналат. Ал жалпы 7690 гектар жер аянтын …

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болушту

4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды. 57 килограмм салмакта кыргызстандык эки балбан: Бекзат Алмаз уулу менен …

Тажикстанда соттолгон кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 2-июнда Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Дилшод Талбакзода менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекемеден кабарлашкандай, жолугушууда Тажикстанда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарынын корголушу жана бул өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын Кыргызстандын абактарына которуу маселеси көтөрүлдү. ТИМ Тажикстанда канча кыргыз жараны абакта жатканын тактаган …

Кыргызстанда бир жумада 20 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

. Кыргызстанда 29-майдан 4-июнга чейинки аралыкта 19 миң 848 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт. Маалыматка ылайык, алардын ичинен: • тийиштүү документи жок унаа башкаруу — 169; • мас абалындаавтоунаа башкаруу — 137; • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 57; • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже …

Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти

Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров изделүүдө. Сабыров КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) …

Балдарды кароосуз калтырбаңыз! ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салат

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун: -сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек; — тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат; …

Ноокат райондук «Кадастр» мекемесинин чиновниктери УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат …

Кыргызстандын аймагында бир суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматына ылайык, сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Алсак, Бишкек шаарында эки, Ош шаарында бир, Чүй облусунда үч, Баткен облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда өрт өрт катталган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан төрт жолку чыгуу …

Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн жаңы пансионат ачылды. Иш-чарага президент катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Өткөн жылы мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы «Дельфин+» пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн. …