Ленин округунан шайлоо. БШК Сариев менен Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунан депутаттыкка талапкерлер Улан Сариев менен Дамира Ниязалиеванын  каттоосун жокко чыгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкен. Белгиленгендей, ошондой эле Ниязалиева үчүн шайлоонун жыйынтыгы дагы жокко чыкты. Бардык процедуралар аяктагандан кийин Ленин райондук округунда кайрадан шайлоо дайындалат. Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Добуш берүүгө 17 миң 423 жаран, …

Жыл башынан тарта бишкектиктерге көрктөндүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн 9 млн сом айып салынган

Үстүбүздөгү жылдын яннварь айынан май айына чейин бишкектиктерге көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 млн 58,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт. Бул убакыт ичинде муниципалдык инспекторлор тарабынан 6 миң 802 чарба субъектиси, ишкана, уюм жана жеке чарба текшерилип, 858 протокол түзүлгөн. Анын ичинен 386 жеке жана 472 юридикалык жактар катталган.

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө кирет

1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо Бишкек шаарында жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Муниципалитеттен билдиришкендей, салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды. Бирок, тыюу салуу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт. …

Баткенде 7 млн сомдук заманбап мечит, окуу борбору жана ФАП ишке берилди

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана айылдагы мечит имараты курулуп бүтүп, ачылуу аземи болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Социалдык обьекттердин курулушуна кеткен 7 млн 300 миң сомду толугу менен “Ассанабил” кайрымдуулук фонду каржылаган. Объекттерди ишке берүү аземине “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун президентинин орун басары Недал Кундиль, …

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салды

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды. Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Кыргызстандын С.С.А., Ж.Т.Ж. аттуу жарандарына 17 500 сомдон айып салынды.

Бишкекте 2 адам COVID-19 инфекциясы менен ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда өткөн аптада СOVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкен. Алынган маалыматка караганда , эки учур тең Бишкек шаарында катталып, бейтаптар ооруканага жаткырылганковид 19.

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан

Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан баасы 17 млн 763 миң 85 долларды түзгөн Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди. Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл …

ӨКМ: Кара-Көл шаарында штабдык машыгуу өттү

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурдагы иш-аракеттер аталышындагы теориялык жана практикалык командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, машыгууга шаар аймагындагы жарандык коргонуу кызматтары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери тартылып, күч каражаттары күжүрмөн даярдыкка келтирилип, саптык кароо жүргүзүлдү. «2 күндүк машыгуунун алкагында кетирилген кемчилдиктерди жоюу тапшырмасы коюлуп, ар кандай …

ЖРТ: кошумча тестирлөө 23-24-июнда өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ар кандай себептер менен өз убагында катыша албай калгандар үчүн 23-24-июнда кошумча тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. Ведомстводон билдиришкендей, каттоо 12-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлүп, тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Эгерде абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен катышпай калган болсо, анда каттоо номери …

Ноокат райондук «Кадастр» мекемесинин чиновниктери УКМК кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан

Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул факт боюнча Ош облусунун Ноокат …