Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташат. Келишим түзүлдү

Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барышкан. Делегацияны КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор жетектеди. Фергана облусунун ишкерлер үйүндө өткөн жолугушууда Фергана жана …

Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт

 Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. Иш-чара ушул жылдын 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чаранын алкагында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат. 12-июнда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде …

Штаб-квартирасы Словениядагы жайгашкан Iskratel компаниясы кыргыз ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар

Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Словениялык Pomurski sejem компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. КР СӨПтүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Борбордук Европанын көргөзмө индустриясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болуп саналган тараптар менен жолугушуу онлайн форматта өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегине тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Pomurski sejem уюму Словениянын мамлекеттик органдары менен көп …

Кыргызстандык IT адистерди Япониянын компанияларында ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева Япониянын “Digital Knowledge IT” компаниясынын директору Ясуюки Ногучи жана “Friendly Tech Co. Ltd” компаниясынын директору Ито Хирото менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 8-июнда Бишкекте өткөн. Жолугушууда 2023-жылдын март айында Японияда кол коюлган И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен жогоруда аталган компаниялардын …

Энергетика министрлиги Кыргызстанда жасалган иштер тууралуу айтып берди

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында жасалган иштер тууралуу айтып берди. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу, чуңкурларын казуу, арматуралоо жана бетондооо иштери аяктады. Бүгүнкү күндө 1125 тирөөч орнотулуп, 186,8 чакырым зым тартылды. Белгилей кетсек, жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан «Датка» көмөк чордонуна чейин 456 …

Эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт

Бишкекте 12-июнда Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык маарекесине арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кече өтөт. Мааданият министрлигинен билдиришкендей, кече Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында саат 18:30да башталат. Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова 1943-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында туулган. Студент кезинен эле республикалык газета, журналдарга чыгармалары жарыялана …

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОго кирди

 ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле президент Садыр Жапаровго манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Белгилей кетсек, өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени президент күн мурун кабыл алган. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын …

Токтогул милициясы көп балалуу үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү

Токтогул милициясы көп балалуу үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөттү, деп билдирет Жалал-Абад облустук миилициясынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин башчысы Кабыл Искаков милициянын көчмө кабылдама унаасы менен көп балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөдөн кабар алган. Үй-бүлөгө акчалай, азык-түлүк жана кийим-кече түрүндө жардам көрсөтүлгөн. Өз кезегинде район тургуну Токтогул РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамга ыраазычылык …

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлө

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июнда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жеңи-Жок № 22, 24, 26, 28, Манас, Мурзабеков, Белек, Мадаминов, Абдрахманов, Алыкулов, Юлчибаев, Найман, Тынчтык, Жаштык, Ивасишина, Рахманалиев, Айтматов, Сатыбалдиев, Школьный, Назаров, Жолчубай, Лавдан-Кара Нышанов, Келечек, Фабричный көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. …

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган жаран кармалды

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган 38 жаштагы Б.Ы., аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кармалган жарандан желим кайык, узундугу 320 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 39 даана мыйзамсыз кармалган балык табылып алынган. «Алынган балыктардын арасында 10 даана «Сазан» балыгы, 9 даана «Карась» балыгы, 5 …