Чөп саткан эки унаа өрттөнүп кетти

Жайыл районунун Сосновка айылында эки оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, Сосновка айылына кайрылыш жолдо 2 оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 20:13тө Жайыл райондук №22 ӨКБдан 1, ага улай …

Мамлекеттик цирктин директору кызматтан кетти

Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. “Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир …

Мандатынан ажыраган Бакиров үн катты

Депутат Өмүрбек Бакиров өзү депутат болуп шайланып келген Көк-Жар шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык административдик соту чыгарган чечим боюнча билдирүү жасады. «7-июнь күнү, Бишкек шаардык административдик соту номер 4 Көк-жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык администрадивдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан …

Дордой базарында банктын имараты өрттөнүп жатат

Дордой базарында жайгашкан «Кыргызстан» банкынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Жеринде өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Марат Тагаев Сочи шаарында КМШ жана ЕАЭБдин жаштар форумуна катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сочи шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Евразия экономикалык биримдигинин жаштар форумуна катышты. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 2023-жылы Евразия экономикалык биримдигинде Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өттү. Ачылыш аземге эл аралык делегациялардын башчылары, тактап айтканда, Жаштар иштери боюнча Федералдык агенттиктин (Росмолодежь) жетекчиси Ксения Разуваева, Беларустун …

Бишкекте милиция кызматкерлери 55 млн сомдук контрабандалык тамекини аныктады

Бишкекте милиция кызматкерлери 55 млн сомдук контрабандалык тамекилерди аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар — акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турганы аныкташкан. Товарлар борбор калаанын ар кайсы …

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! Быйыл каргашалуу июнь окуясына туура 13 жылдын жүзү болду. Арадан бир топ жыл өтсө дагы, бул кандуу калабаны, анын кесепетинен каза тапкан жүздөгөн мекендештерибизди унутпайбыз жана терең кайгыруу менен эскеребиз. Өлкөбүздүн соңку …

Ысык-Көлдө волейбол боюнча Азия чакырык кубогу өтөт

Ысык-Көлдө эркектер арасында волейбол боюнча Азия чакырык кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Спорттук иш-чара 18-25 июнь күндөрү Чолпон–Ата шаарынын «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал, Пакистан жана Ирандын улуттук курамалары катышат.

«Евразия — биздин үйүбүз» көргөзмөсү. Кыргызстандан кандай товарлар көрсөтүлүүдө?

8-июндан тарта Сочи шаарында «Евразия — биздин үйүбүз» көргөзмөсү өтүп жатат. Ага Кыргызстандын азык-түлүк өндүрүүчүлөрү катышууда. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына арналып уюштурулду. Белгиленгендей, көргөзмөдө кыргызстандык өндүрүүчүлөр балык, эт, сүт азыктары, кайра иштетилген жашылча-жемиштер, кондитер, ширелер, улуттук суусундуктар жана бал сыяктуу азыктардын ар …

ИИМдин медициналык башкармалыгы жаңы үлгүдөгү аппарат менен камсыздалды

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгында жаңы рентген бөлмөсү ачылып, жаңы аппарат менен камсыздалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, медицина илимдеринин доктору, профессор, эл аралык жогорку медициналык мектебинин ректору Сталбек Ахунбаев, ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эркин Жээнмуратов жана дарыгерлер катышты. Буга чейинки рентген аппараты эскилиги жетип …