Бишкекте Беларустун маданият күндөрү белгиленди. Иш-чарадан сүрөттөр

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында күн мурун Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында концерт болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын …

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген унаа аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысы өлкө аймагына унааны мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады. Бажы кызматынан билдиришкендей, 11-майда Бириккен Араб Эмираттарынан Б.Б.И. аттуу жарандын дарегине 2016-жылы чыгарылган Lexus-NX200T үлгүсүндөгү унаа келген. Көрсөтүлгөн унаага бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда унаанын чыгарылган күнү 2016-жылдын сентябры деп көрсөтүлгөнү аныкталган. Бажы төлөмдөрү чыгарылгандан тартып 6 жыл өткөн унаа катары эсептелген. Бирок, Carfax расмий сайтында …

Ошто Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бир катар соцдолбоорлор ишке ашырылат

Ош шаарында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бир катар социалдык долбоорлор ишке ашырылат. Бул тууралуу Оштун мэринин орун басары Замир Юсупов менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар «Кыргызстандагы социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун жүрүшү, анын ичинде «Социалдык келишим» жана «Жаштарды тажрыйбалаштыруу» курамдык бөлүктөрүн ишке …

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургда «Кыргызстан — Россия» бизнес-диалогун ачты

 Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ардактуу конок катары Санкт-Петербургда (Россия Федерациясы) өтүп жаткан XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуунун алкагында «Кыргызстан — Россия» бизнес-диалогун ачты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө белгилегендей, Петербург форуму иш жүргүзүп жаткан бүткүл мезгил ичинде «Россия — Индия», «Россия — Кытай», «Россия — …

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-июнда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө жана шаарга чектеш аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт: Ынтымак айылы, Баев, Тургунбаев, Аттокуров, Ботобай, Живпром, Арал, Балтагулов, Шерматов, Орозбаева, Алиев, Артыкбаев, Достук, Исанова, Умурзакова, Москва, Промзона, Курманбек №10а № 2, 4, …

Төрөбаев: Сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу каралууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчү ишканалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда сүт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйынга катышкан Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы сүт өндүрүүчү ишканаларынын өкүлдөрү сүт өндүрүмүн жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү жеңилдетилген насыянын көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле сүт …

Бишкекке жакын жерде мисте токою пайда болот

Чүй облусунда сугат жерлерге мисте көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу долбоорун ишке ашыруу аяктаган. «Бул долбоордун алкагында Боз Бөлтөк тоосун суу менен камсыз кылуучу тармак тартылды. Мисте эгилген бул аймактарда тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну пландап жатабыз», — деди …

Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Атайын кызматтан кабарлашкандай, эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Бул турак жайда чек арачылар үй-бүлөлөрү менен жашайт. Балдар ойноочу аянтча, спорт залы, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган. …

Ош базарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт жеткирүүчүлөр негизинен Чүй облусунун жана бир аз бөлүгү Нарын, Ысык-Көл облустарынын фермерлери экендиги аныкталды. Эт сатуучулардын айтымында, эттин баасына сезондук фактор таасир этет. Учурда базарда уй этинин баасы 520-570 сом болсо, …

Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталып, директору кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды, ошондой эле …