Быйыл февралда Куляб шаарында кызматтык автоунаасы өрттөлгөн Хатлон облусунун Восей районунун прокурору Жуманазар Сайидахамадзода кызматтан алынды. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, прокурорду иштен алууга тургундардын көптөгөн даттануулары себеп болгон. Азырынча Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул боюнча эч кандай маалымат бере элек. «Озодинин» укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, бийлик прокурордун автоунаасынын өрттөлүшүн анын адилетсиз чечим чыгарганы …
