Маданият министрлиги өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министрлиги 19-24-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде алгачкы жолу өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда. Ведомстводон билдиришкендей, лагерге катышуучулар 2022-2023-окуу жылында вокал, классикалык инструменталдык аспаптар (скрипка, фортепиано, виолончель, гобой, кларнет) боюнча эл аралык конкурстарда, теориялык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон музыкалык мектептердин окуучуларынын, эл аралык конкурстарда алдыңкы көрсөткүч көрсөткөн …

«Дордой-Моторс » базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү

«Дордой-Моторс» базарында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Дордой-Моторс» базарында контейнерден өрт чыккан. Жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жалын саат 23:59да чектөөгө алынып, саат 01:44тө толук өчүрүлдү.

Ош облусунда 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Алсак, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес. …

Бүгүн кечинде №5 жана №7 троллейбустук каттамдар линияга чыкпайт

Бүгүн, 17-июнда саат 18:00дөн баштап №5 жана №7 троллейбустук каттамдар убактылуу иштебейт. Муниципалитеттен билирдиришкендей, троллейбустар бул күнү жыл сайын өтүүчү “Түнкү чуркоо” марафонуна байланыштуу токтотулат. Катышуучулар кечки саат алтыда Анкара, Чолпон-Ата көчөлөрү жана Чүй проспектиси менен чуркашат. Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Бишкек «Мектеп лигасынын» жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Күн мурун, 16-июнда Бишкек шаарынын «Мектеп лигасынын» финалынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөтүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, 100 баладан турган биринчи партия эс алууга чыгышты. Бардыгы болуп 430 бала баш байгеге «Кыргызское взморье» курортуна жолдомо алышты. Шаардык «Мектеп лигасы» программасынын алкагында жыл сайын спорттун 11 түрү боюнча мелдештердин райондук жана шаардык баскычтары өткөрүлөт. …

Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат – Бишкек мэриясы

Эртең, 18-июнда саат 16.00дөн 23.00гө чейин Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектиси Ала-Тоо аянтында «Fusion Concept» заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу жабылат. «Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк …

Банк мыйзамдарын бузгандарга кандай чаралар көрүлөт? Улуттук банктын адиси жооп берди

Кыргызстандын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальнигинин орун басары Эмир Жумаев банк мыйзамдарын бузгандарга карата Улуттук банк кандай чараларды көрө тургандыгы тууралуу айтып берди. — 2022-жылы банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн банктарга жана финансылык уюмдарга карата кандай чаралар көрүлдү? — Уруксат болсо, Банктык көзөмөл башкармалыгынын иши туралуу кыскача маалымат берип кетсем. Улуттук банк — бул өзгөчө …

Президент саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында бардык уюштуруу иштери …

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” рейди уланууда

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд уланууда. Шаардык мэриядан билдиришкендей, 13-июнда башталган рейдге вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, аймактык башкармалыктардын башчылары катышууда. Рейддин алкагында шаар көчөлөрүндө, базарларда тилемчилик кылгандардын жашаган үйлөрү текшерилип, эки лөлү тектүү жаран туруктуу жашаган аймагына кайтарылды. Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Буга чейинки …

«Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат?». Депутат Маданият министринин ишин сындады

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдөгү маданий мекемелердин абалын сындады. Токторбаев өлкө боюнча 1068 китепкана болсо, анын 202си оңдолуп, 8 млн 744 миң сом бөлүнгөнүн, ар бирине 43 миң сомдон туура келгенин, бирок бул сумма өтө аз экенин айтып, мекемелерди оңдоо үчүн бюджет талап кылууну, өкмөт башчыга, депутаттарга кайрылууну сунуштады. «Мен билем, филармонияда …