Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бир айдын ичинде тыянак чыгарат. Бул тууралуу депутат Миргүл Темирбаева билдирди. «Түзүлгөн комиссия 3 ирет жыйынга чогулду. Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен алынган материалдарды кароодобуз. Иштеги документтер толук иликтенип бүткөндөн кийин гана комиссия чечим чыгарат, регламент боюнча бир ай …
