Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлдү

Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ага вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова баштаган тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрү катышып, бала бакчалардагы балдардын коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын сакталышын жана өрт коопсуздугунун камсыздалышынтекшеришти. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар бала бакчалардын жетекчилерине кемчиликтерин жоюу боюнча тапшырмалар, сунуштар берилди. Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 26 …

Бишкекте 76 окуучу артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктады

Бишкек шаарында 76 окуучу артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 55и муниципалдык мектептердин, 21и жеке менчик мектептердин окуучулары. Белгилей кетсек, республика боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик “Алтын тамга” аттестациясынан 167 окуучу өтүп, анын 33%ын борбордогу мектептердин окуучулары түзөт.

Талайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Байгазиев Талайбек Аскарович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы болчу.

Акылбек Жапаров Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жапаров белгилегендей, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелердин жана улуттук стратегиялык документтердин негизинде, анын ичинде министрлер кабинетинин Баңгизатка каршы күрөшүү программасынын жана аны …

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» Лотерея 26-июндан 1-июлга чейин ойнотулат

2023-жылдын 26-июнунан 1-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын биринчи турун өткөрөт. Ведомстводон билдиришкендей, биринчи этаптын байге фондунда 1183 баалуу байге бар, анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен бар. 26-июндан 30-июнга чейин Салык кызматынын Facebook …

Мыкты мектептер аталды

Бишкектеги “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 2022-жыл жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, …

«Биринчи жолкусу эмес». Төрага Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттардын дарегине айткан сөздөрү боюнча комментарий берип, аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенини, Эдил Байсаловдун кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты. «Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда …

Тажикстанда жоокерлерди мазактаган чач жасалга боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы армияга жаңы чакырылган жоокерлерди мазактаган чач жасалгалар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. 15-июнда социалдык түйүндөргө «Жоокерлердин башына түшүрүлгөн Конибодом районунун аталышы» деген тема менен аскерлердин сүрөтү жарыяланган. Анда тогуз жоокердин башына чач алуучу машинка менен «К», «О», «Н», «И», «Б», «О», «Д», «О», «М» тамгалары жазылганын көрүүгө болот. Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда …

Казакстандын мурдагы маданият министри 8 жылга соттолду

Казакстандын мурдагы маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы «Бюжеттик каражатты кымырып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады. Мындан тышкары бул иш боюнча айыпталган Алмаз Нуразханов, Азамат Кошенов жана Айым Садвакасованын ар бири жети жылдан эрктеринен ажыратылды. Экс-министрге Астанадагы Улуттук музейдин жетектеп турган жылдары «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы» …

Банк кызматкерлерин барымтага алууга шектелген жаран эки айга камалды

Kaspi банкта адамдарды барымтага алууга шектелип кармалган Алихан Мурадов эки айга камалды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Астананын райондор аралык тергөө соту кабыл алды. 18-июнда Kaspi банктын Астана шаарындагы бөлүмдөрүнүн биринде адамдар барымтага алынган – кийин алардын баары банктын кызматкерлери болгону аныкталган. Казакстандын Ички иштер миинстрлиги (ИИМ) полициянын аракети менен барымтадагылар бошотулуп, шектүү кармалганын …