Чек арадан 4,3 млн сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн алынып келинген дары-дармек каражаттарын Өзбекстандын аймагына контрабандалык жол менен алып өтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы аныкталды. УКМКнын Чек ара …
