Ош шаарынын мэри жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылуусуна ылайык, Озгур айылындагы суу насосунун иштен чыгышынан улам, таза сууга муктаж болгон Солнечный тилкесинин тургундарынан кабар алды. Шаар мэриясынан билдиришкендей, мэр маселени жеринде көрүп, «Ош шаар суу канал» ишканасынын адистеринин жардамы менен иштен чыккан насостун абалын тез арада талдап, оңдоону тапшырды. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш …

ИИМ жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды интернет алдамчылыгынан сак болууга чакырат, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы. Министрликтин маалыматына таянсак, учурда алдамчылар интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана схемаларын ойлоп таап, бул барган сайын кучак жайууда. Көптөгөн адамдар алардын торуна түшүп калуусун унутуп коюшат, ал эми шылуундар дал ушул нерсеге таянып, жаңы курмандыктарды издешет. Социалдык тармактарда жарнамалык кампанияга …

Кыргызстандын биринчи айымы «Ала-Тоо симфониясы» жайкы чыгармачыл мектебин ачты

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык комплексинде 24-июлда биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен «Ала-Тоо симфониясы» аттуу биринчи жайкы чыгармачыл мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Россиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары жана белгилүү маданият ишмерлери катышты. Биринчи айым өз сөзүндө …

Асылбек Жээнбеков мага 7-апрель баатырлыгын сунуштаган.

2010- жылдагы Төңкөрүштө көмүскөдө калып,ачыкка чыкпай калган окуялар дагы болгон экен.Бул багытта жарандык активист Али  Нурматов ой- пикири менен бөлүштү.

ТАРЫХТЫН АКТАЙ БАРАКТАРЫ 2 Ош окуясы 2010 жыл

«Тарыхтын актай барактары «чыгарылышында 2010- жылдагы Ош окуясында болгон  кырдаалга , Роза Отумбаева баш болгон убактылуу окмөттүн иш- аракетине карата Көз карандысыз комиссиянын төрагасы Кубанычбек Исабеков кеңири ой бөлүшкөн…

ОШ ОКУЯСЫ КАЙРАДАН ИЛИКТЕНЕТ

2010- жылдагы кан төгүүлөр менен коштолгон  Ош окуясы алигиче элдин  эсинен кетпей, чиеленген түйүнү чечибей, тарыхтагы кара так салган опурталдуу окуя болду.Ошол кырдаалдын чоо- жайы тууралуу комиссиянын төрагасы ачык ойлорунун ортого салды…

ОШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КООМДУК КОМИССИЯ КАЙРАДАН ИЛИКТӨӨНҮ БАШТАДЫ

Ош окуясы боюнча коомдук комиссия кайрадан иликтөө ишин баштады.Комиссияны Кубанычбек Исабеков жетектеп, курамында өткөн тарыхка чындыктын изин таап,туура  баа берүү талабын койгон  жарандар бар.Белгилей кетсек 2010- жылдагы апрель-июнь окуяларынын арты менен жергиликтүү эл канчалаган жоготууга учурап,жакындарынан ажыраган.Айрымдары дайынсыз.Көптөгэн суроолорго жооп табылбай келет….Тарыхтын ачылбаган сырларын иликтөөгө алган көз     карандысыз  комиссия т иликтөө иштерин улантышууда.

Кыргызстан менен Кореянын эмгек министрлери кызматташуу меморандумуна кол коюшту

Бүгүн, 25-июлда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кореянын Ишке орноштуруу жана эмгек министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ведомствонун маалыматына ылайык, меморандумга Кыргызстан менен Кореянын эмгек министрлери Кудайберген Базарбаев менен Ли Чжонг Сиктин жолугушуусунун алкагында кол коюлду. «Документтин максаты иш менен камсыз кылуу, кесиптик даярдоо жана эмгекти коргоо жаатындагы саясатты иштеп …

Абировдун кайра шайлоого катышууга укугу барбы? БШКнын жообу

Жаныбек Абировдун Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, Абиров кайра шайлоонун дайындалышына себепкер болгондуктан шайлоого катыша албайт. «Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн. Атайы норма бар. Кайра шайлоонун дайындалышына ким себепчи болсо ошол адам катышпайт деген. Мурдагы депутат кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон, катышканга …

Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү узартылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 25-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 21-июлда кабыл алынган. Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Ал Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатат. алимбаева өзү коюлган айып менен макул эместигин айткан.