Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат. Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат: “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”; “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма”; “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик”; “Көркөм искусствонун мыкты …

Кыргызстанда 1-класска 93 миңден ашуун бала кабыл алынды. Каттоо уланууда

2023-жылдын 10-апрелинен 29-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 93 миң 472 бала, анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Белгилей кетсек, 26-июнда тарта электрондук каттоонун экинчи этабы башталган. II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

Ысык-Көлдө милиционерлер кытайлык туристке унутуп кеткен баштыгын кайтарып беришти

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кытайлык туристке унутуп кеткен баштыгын кайтарып беришти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чет элдик туристтердин жана эс алуучулардын кайрылууларына өз убагында сервистик тейлөө жана жардам көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын базасында төрт тилде — англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борбор иштеп жатат. Ар бир …

МСК 1-июлда Ала-Тоо аянтына келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотот

1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын эң чоң утушу өтөт. МСКдан билдиришкендей, бул күнү 13 башкы байге – 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Ошондой эле, башкы байгелерди ойнотуунун жүрүшүндө аянттагы көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотулат. Бул иш-чарага келгендердин бардыгы үчүн өз бактысын сынап, стилдүү …

30-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 30-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан …

«Таза Нарын» ишканасына вакумдук шыпырып-тазалоочу техника алынды

Нарын шаардык «Таза Нарын» муниципалдык ишканасынын базасына вакумдук шыпырып-тазалоочу техника алынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, техниканын баасы 5 млн 300 миң сомду түзөт (анын ичинен 290 миң сом өздүк салым). Каражат Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Вакумдук техника тротуларларды шыпырып, карын түртүүгө, жол жээктерин тазалап, арыктарды …

Нарын шаарында милициянын таяныч пункту ачылды

Нарын шаарында милициянын таяныч пункту ачылды Муниципалитеттен билдиришкендей, милициянын таяныч пунктунда жергиликтүү тургундар менен иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Аталган пукнт ар кандай окуяларга өз убагында тез арада чара көрүүгө, укуктук жардам көрсөтүү, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле милиция кызматкерлеринин калк менен тыгыз иш алып баруусуна ылайыкталып, бардык …

Иркутск: мушташка катышкан кыргыз жана тажик мигранттары элдешти

Иркутск шаарындагы калайман мушташка катышкан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар Курман айт майрамынын алдында элдешти. Бул тууралуу аталган калаадагы тажик коомчулугунун башчысы Алишер Ширинов билдирди. Анын айтымында, тараптар мындан кийин бул сыяктуу жаңжалдардын кайталанышына жол бербөө боюнча макулдашты. Иркутск шаарындагы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташ 23-июнда болгон. Анда тогуз киши …

FIFA рейтингинде Кыргызстан бир позицияга төмөндөдү

Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен). АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан. Аргентина, Франция жана Бразилия топ 3 дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер болгон. АФК рейтингиндеги алдыңкы үч лидери — …

Бүгүн Ташкенттеги автобустар жаштардан жол кире албайт

Ташкенттеги автобустар Өзбекстанда 30-июнда белгилене турган Жаштар күнүнө карата бүгүн 14 жаштан 30 жашка чейинки жүргүнчүлөрдөн жол кире албайт. Бул тууралуу «Газета.уз» сайты калаанын акимчилигине шилтеме кылып кабарлады. «Тошшахартрансхизмат» компаниясынын маалыматына караганда, жаштар өкмөттүн 1-июндагы жыйынында кабыл алынган протоколдун негизинде бекер ташылат. Ошол эле маалда билдирүүдө жүргүнчүлөрдүн жаш курагы кантип аныкталары так көрсөтүлгөн эмес. Өзбекстанда …