Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси жыл ичинде үч эсеге көбөйдү

Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик бюджетке 142 млрд 920 млн 173 миң сом түшкөн. Мындай маалыматтар Финансы министрлигинин айлык отчетунда көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Көрсөтүлгөн сумманын 75,5%ы салык кирешелери — 107 млрд 937 млн 911 миң сом. Бул каражаттардын дээрлик 64%ы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган — 68 …

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,3 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 4-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 357 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 701 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 430 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Министрлер кабинети MEGA`нын акцияларын 14,6 млрд сомго сатууда

«Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду. «Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом. Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт. Табыштамалар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Табыштамаларды кабыл …

Дубай, Сеул, Стамбул. «Манас» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учууга болот?

 Ушул жылдын жай айында «Манас» эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына учуулар жүзөгө ашырылат. «Манас» аэропорту багыттарды, каттамдардын жыштыгын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу авиакомпаниялардын аталыштары менен толук тизмени сунуштайт, алар: Россия Avia Trafic Company авиакомпаниясы: Бишкек-Иркутск-Бишкек – жумасына 1 каттам (бейшемби); Бишкек-Казань-Бишкек – жумасына 1 каттам (шейшемби); Бишкек-Красноярск-Бишкек – жумасына 1 каттам …

Кызамыкка каршы вакцина. Баланы канча жашта эмдөөдөн өткөрүү керек?

Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, балдар КПК вакцинасын 12 айында жана 6 жашында алууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. КПК вакцинасы балдарды кызылча, паротит жана кызамыктан коргойт. Кызылча, паротит жана кызамык чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оңой жугуучу вирустук инфекциялар. «Бул үч оорунун белгилери сасык тумоого окшошуп кетет, бирок буга кошумча бүт денеде так исиркектер жана ооруткан …

Кыргызстандагы суу чарба объектилерин оңдоп-түзѳѳгө 460 млн сом каржыланды

2023-жылдын 30-июнуна карата республикадагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүүгө 462,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Ведомствонун маалыматына караганда, Суу ресурстары кызматынын карамагындагы суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962,1 млн сом каралган. Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 524,7 км чарба аралык …

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында дээрлик 3,1 млрд сом насыя берилди

30-июнга карата «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 3 млрд 96 млн 628 миң сомго 6 миң 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен: Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789 млн 161 миң сомго 1 миң 886 насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 461 млн 1 миң сомго 1 миң …

Ташкенттен Ысык-Көлгө авиакаттам ачуу пландалууда

 Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы 2023-жылдын 14-июлунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропорту кабарлагандай, каттамдар жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарылат. Өлкөнүн башкы аба майданы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Көптөгөн иш-чараларда сахнаны көркөм жасалгалаган Макен Сыдыкбаевге жазылган некролог

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты. Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган. 1958-жылы С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик …

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабына катышкан ID-номерлер жокко чыгарылды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи …