Жалал-Абад шаарындагы Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү иши башталды

Жалал-Абад шаарындагы узундугу 1 чакырымды түзгөн Михаил Бабкин көчөсү кеңейтилип жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн айрым жерлери 4-5 метр болуп, унаалардын кыймылына тоскоолдук жаралып келет. Ал эми жол кеңейгенден кийин жолдун унаалар жүрүүчү негизги бөлүгү 7 метрди түзүп, эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жана жарыктандыруу иши жүргүзүлөт. «Жолду кеңейтүүнүн алкагында бир …

Караколдо куткаруучулар 5 жана 2 жаштагы кыздарды издөөдө

Караколдо куткаруучулар 5 жана 2 жаштагы кыздарды издөөдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кыздар күн мурун болжол менен саат 15:00дөр чамасында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Кыздарды издөөө 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, КР ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды.

Төрөбаев электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды. Отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты. Жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселеде 2023-жылдын 1-октябрына Токтогул …

В Израиле автомобиль въехал в толпу протестующих

На улицах Тель-Авива возобновились массовые выступления против судебной реформы. В распоряжении «Известий» 6 июля появились кадры с места событий. Сообщается, что митингующие заблокировали движение транспорта по главному шоссе города: люди жгут костры и возводят баррикады. На кадрах можно увидеть, как автомобиль въезжает в толпу. По предварительной информации, в результате инцидента пострадали три человека. Кроме того, …

Астанада издөөдө жүргөн орусиялык активист кармалды

Астанада тулалык активист Андрей Павлов кармалды. Бул тууралуу Казакстандагы орусиялыктарга колдоо көрсөтүү менен алектенген «Точка невозврата» долбоору билдирди. Андрей Павлов мекенинде «Орусиянын армиясын кайрадан дискредитациялоо» беренеси менен айыпталып, ага издөө жарыяланган. Астана шаардык полиция департаменти орус жаранынын кармалышы боюнча комментарий берген жок. Укук коргоочулардын айтымында, Павлов болжол менен үч суткага камалды. Тергөө абагында ал саясий …

Максүтов: ЖМК менен жарандык коомду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр берилип жатат

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр берилип жатканын баса белгилеп кетүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди. «Сөз эркиндиги коомдун өнүгүшүнү ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Дүйнөдө маалыматтык чабуулдардын актуалдашуусуна байланыштуу фейктер жана бурмаланган маалыматтар тилекке каршы Кыргызстандын ошондой эле Борбор Азия …

Түркияга кыргызстандыктардын визасыз жүрүү мөөнөтүн 180 күнгө чейин узартуу сунушталды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Түркия аймагында жүрүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды. Кыргыз тарап Кыргызстан жана Түркия жарандарынын өз ара сапарлары, анын ичинде ички паспорттор боюнча жана КР жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө …

Аэропортто ок чыгарган жарандын сөөгү Молдовада жерге берилиши мүмкүн

Кишинёв аэропортунда эки офицерди атып өлтүргөн Тажикстан ИИМинин мурдагы кызматкери Рустам Ашуровдун сөөгү Молдовадагы көрүстөндөрдүн бирине коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Молдованын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Эмил Гайтурга шилтеме кылып кабарлады. Ашуров колго түшүрүү учурунда жарадар болуп, апта башында эс-учуна келбестен ооруканада каза болгон. Гайтурдун айтымында, Рустам Ашуровдун жакындары анын сөөгүн Тажикстанга жөнөтүү …

Киевдеги райондук соттун имаратында жарылуу болду

Киевдеги Шевченковский райондук сотунун имаратында жарылуу болду. Аны камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн сотко алып келинген Игорь Гуменюк жасаганы кабарланды. Украин басылмалары Гуменюк «Сич» батальонунун жоокери экенин, 2015-жылы августта Жогорку Раданын жанындагы жардырууну ишке ашырууга айыпталганын жазууда. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт …

Сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына таянсак, 6-7-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эске салат.