Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустун 3 учуру катталды

 Кыргызстанда акыркы аптада СOVID-19 инфекциясынын 3 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, коронавирус Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында аныкталган.

Кыргызстанда абанын табы 41 градуска жетет. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянып маалымдайт. Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы жогорулайт. Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу …

Кыргызстандын элчиси жана Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри кызматташтыкты талкуулады

Сеул шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри Ли Чжон Сик менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Элчи Исмаилова эки өлкөнүн ортосундагы эмгек мамилелери жаатында Корея тарабынан көрсөтүлүп жаткан …

Садыр Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге президенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. «Урматтуу Шавкат Миромонович, Сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы Сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. Сиздин жетекчилигиңиз менен …

Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз алып келүү жана бажыдан өткөрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Белгиленгендей, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактар аралык секторунун …

Бишкекте таштанды контейнерлерин оңдоп-түзөө иштери уланууда

 «Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкектеги таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчасы, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда таштанды контейнерлеринин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу же оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Белгиленгендей, ар бир райондо жумушчулардын экиден бригадасы иш алып барууда.

Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды

Бишкектин Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасынын ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы аянтчада футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат, чуркоо үчүн аянтчалар жана унаа токтотуучу жай каралган. Аянтчанын жалпы аянты 0,8373 гектарды түзөт.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 10,5 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 10-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 495 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 659 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 437 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 2023-жылдын 3-июлунан 9-июлуна чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында (Кыргызстан) болуп өттү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу …

Бишкек мэриясына жарым жылда 2,5 миң кайрылуу түшкөн

Бишкек мэриясына 2023-жылдын биринчи жарымында жарандардан жазуу жүзүндө 2 миң 507 кайрылуу келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га аз. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 2385 контролдук кайрылуу каралды, алардын 122си аткарылууда. Кароонун жыйынтыгы менен 76 маселе толук канаттандырылды, 5 маселе жарым-жартылай канааттандырылды, 1895 маселе такталды, 409 маселе тиешелүү бөлүмдөрдүн кароосуна …