Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Бүгүн Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси кылып дайындаган. Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын …

Ошто Алай көчөсүндөгү жол жана ага чектеш көчө оңдолууда

Ошто Алай көчөсүндөгү жолду жана ага чектеш көчөнү оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Мында, жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары, тиешелүү кызматтар тарабынан таштандыларды ылгоолочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилкедеги жолдун жалпы узундугу 700 метрди түзөт. Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Алай көчөсүндөгү жолду асфальттоо боюнча жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен …

Чаткалда 37 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылган

Чаткал районунда 37 жаштагы Ж.С., аттуу жаранга сегиз жолу ок атылып, райондук ооруканага жаткырылган. Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, 2023-жылдын 7-июлунда болжол менен 14:30 чамасында Чаткал районунун 30 жаштагы С.Ж., аттуу тургуну жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 1985-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген. Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына …

Казакстанда эки киши кененин уусунан каза болду

Кызылорда облусунда кене чаккан эки адам Конго-Крым геморрагиялык ысытмасынын курмандыгы болду. Бул тууралуу «Хабар 24» билдирди. Жаңыкорган районунун 77 жаштагы тургуну жана Шиели районунун 51 жаштагы тургуну оор абалда ооруканага жеткирилген. Бейтаптар реанимацияда каза болушкан. «Ар бир учурду каттоодо жеке менчик аймактарды, короолорду жана жаныбарларды 12 сааттын ичинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бардык байланышта болгон адамдар …

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсык 7-июль күнү саат 17.12лер чамасында болгон. Айдоочу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен бара жатып көпүрөнүн астынан өтүп бара жаткан 17 жаштагы велосипедчен А.Аны сүзүп кеткен. Жабырлануучуга жардам бербестен, адам окуя болгон жерден кетип калган. «Жол кырсыгына шектелип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын …

Акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалым болгондой, сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. — Чүй облусунда – 1; — Талас облусунда – 1; — Жалал-Абад облусунда – 4; — Ош облусунда — 2 өрт кырсыгы катталган.

Ошто газ баллон жарылып, бир адам каза болду

Ош шаарында тамактануучу жайда газ баллон жарылып бир жаран каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 9-июль күнү болжол менен саат 16:00до милициянын нөөмөт бөлүмүнө А. Мамыров көчөсүндөгү тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза болгондугу тууралуу телефон аркылуу кабарланган. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, тамактануучу жайда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облусунун 36 …

Эл артисти Реджабай Таджибаев каза болду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын чыгаан актёру Реджабай Таджибаев бүгүн 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Реджабай Таджибаев 1950-жылы Ош шаарында туулган. Ал эмгек жолун 1972-жылдан тарта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында драма …

Аксылыктар акысыз медициналык кароодон өтө алат

Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 9-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев комплекстин жашоочуларды кабыл алууга жана текшерүүгө даярдыгы менен таанышты. Диагностикалык комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн акысыз медициналык текшерүүлөрдү, дарылоо жана консультацияларды, ошондой эле ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта диагностикалык кызматтарды көрсөтөт. Мобилдик …

Садыр Жапаров Монголиядагы “Эрдэнэт” тоо кен заводунун жаңы технологиялары менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы “Эрдэнэт” заводу мамлекеттик ишканасына барды. Мамлекет башчысына “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы …