Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды

Оштогу көп кабатуу үйдүн батиринде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял киши куткарылып калды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, 17-июль күнү А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан батирде 1973-жылы туулган Т.М. аттуу аял киши бөлмөнүн ичинде кулпуланып алып өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. «Жерине 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган …

Баткенде кайрадан жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында кайрадан жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер …

Бишкекте Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кабыл алууда

17-18-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында «СеулАсан» ооруканасынын (Түштүк Корея) дарыгерлери жарандарды кабыл …

Бишкектеги билим берүү борборлорунда камкордук кеңештери түзүлөт

Бишкектеги билим берүү борборлорунда окуу жылынын башында камкордук кеңештерин түзүү пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, райондук билим берүү борборлорунда билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештеринин курамын түзүү боюнча жыйындар өттү. Кеңештин максаты көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, гуманитардык жардамдарды жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана бөлүштүрүүгө көмөктөшүү, социалдык мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо болуп …

Молдобаев: Соттор да ката кетирет, аларга өз чечимдерин кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк берүү керек

Президенттин жана министрлер кабинетинин Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Молдобаев «»КР соту жөнүндө» КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КР конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтуусуна таянсак, бул мыйзам менен Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. «Конституциялык сотто өз чечимдерин кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк болушу керек. Мисалы, Конституция өзгөрүлсө, же …

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилген

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалагандыгы …

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушу. Мамлекетке 1,7 млн сом зыян келтирилген

Караколдогу жолдун сапатсыз курулушунан мамлекетке 1 млн 792 миң 887 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалагандыгы …

Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды

Бишкекте өз жанын кыюуга аракеттенген эки жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Морозов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырында 25 жаштагы М.А. аттуу жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин ал милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен түшүрүлгөн. Ошондой Т.Айтматов менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы А.Т. аттуу бала жаңы салынып жаткан …

Султан Раев элчи Руслан Казакбаевге ТҮРКСОЙдун мааракелик медалын тапшырды

Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге «ТҮРКСОЙго 30 жыл» мааракелик медалын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Руслан Казакбаев ТҮРКСОЙ уюмунун штаб-квартирасына барып, Раевди уюмдун негизделгенинин 30 жылдыгы менен куттуктады. Элчи Руслан Казакбаев уюмдун мааракесине карата ТҮРКСОЙдун жетекчилигине жана жамаатына түрк элдеринин ортосундагы …

Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды

Бишкекте 7 кг жакын мефедрон менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргызстанга психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын май айында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. …