Тажикстандын Башкы прокуратурасы «Ориёнбанктын» төрага орун басары Шухрат Исматуллоевдин уурдалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) Исматуллоевди уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоого жардам бергендерге 30 миң доллар өлчөмүндө сыйакы убадалады. Расмий маалыматтарга ылайык, банкирди белгисиз адамдар 23-июнь күнү кечинде Душанбенин Исмоили Сомони районунан уурдап кетишкен. ИИМдин билдирүүсүндө Исматуллоевди төрт киши терезелери караңгылатылган …
