Казакстан 2023-жылдын аягына чейин Өзбекстан жана Кыргызстан менен Сырдарыя бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы жазды. Бул Казакстандын 2023-2029-жылдарга суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясында каралган. 1998-жылы март айында Бишкекте кабыл алынган документке ылайык, Нарын-Сырдарыя дарыясынан өндүрүлгөн электр энергиясынын Кыргызстандын керектөөсүнөн ашкан бөлүгү Өзбекстан менен Казакстанга берилет. Анын …
