Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. КР тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин 2023-жылдын 6-7-июнунда Кыргызстанга …
