Киевдеги Шевченковский райондук сотунун имаратында жарылуу болду. Аны камактагы мөөнөтүн узартуу үчүн сотко алып келинген Игорь Гуменюк жасаганы кабарланды. Украин басылмалары Гуменюк «Сич» батальонунун жоокери экенин, 2015-жылы августта Жогорку Раданын жанындагы жардырууну ишке ашырууга айыпталганын жазууда. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт …
