Бишкек мэриясына 2023-жылдын биринчи жарымында жарандардан жазуу жүзүндө 2 миң 507 кайрылуу келип түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24%га аз. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 2385 контролдук кайрылуу каралды, алардын 122си аткарылууда. Кароонун жыйынтыгы менен 76 маселе толук канаттандырылды, 5 маселе жарым-жартылай канааттандырылды, 1895 маселе такталды, 409 маселе тиешелүү бөлүмдөрдүн кароосуна …
