Кара-Кулжа районунун аймагында 3 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, райондо Райимбек Термечиков атындагы фельдшердик-акушердик пунк (Сары-Булак), Сары-Күнгөй фельдшердик акушердик пункт жана Ак-кыя фельдшердик акушердик пункттары иштей баштады. Ачыш аземине президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Толтоев калкты сапаттуу …
