Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Улан Жумаевдин, Социалдык фонддун түзүмдүк башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда өтүп, анда мамлекеттик тилди өркүндөтүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талкууланды. Ошондой эле жыйынга Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери онлайн форматта катышты. …
