Бишкек – Кара-Балта унаа жолун курууда 104 млн сомду кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан баасы 17 млн 763 миң 85 долларды түзгөн Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун 15,9-61-чакырымындагы курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилди. Жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл …
