1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо Бишкек шаарында жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Муниципалитеттен билдиришкендей, салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды. Бирок, тыюу салуу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт. …
