Бишкекте мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин төрагалыгы алдында шаардыктарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги кеңейтилген жыйын өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга райондордун акимдери, шаардык чарба департаментинин, «Бишкексууканал» башкармалыгынын, «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициясынын өкүлдөрү катышты. Шаардык кызматтардын маалыматы боюнча, Киргизия …
