В общенациональной женской забастовке в центре Цюриха приняли участие 15 тысяч человек

Демонстрация проводилась в рамках общенациональной женской забастовки, которая в этом году прошла под лозунгом «Зарплата, время, уважение». «Согласованное демонстрационное шествие, в котором приняли участие около 15 тысяч человек, началось в 18.00… Демонстрация прошла спокойно», — говорится в пресс-релизе полиции. Женские забастовки проводятся в Швейцарии каждый год именно 14 июня на протяжении уже более 30 лет. …

Сиздин эркиңизге суктанабыз! Садыр Жапаров Си Цзиньпинди мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. «Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө …

Араванда сел жүрдү

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, сугат арыктарынан ашкан сел суулары унаа жана ички чарбалык жолдорду зыянга учураткан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Кырдаалга байланыштуу жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы жумуш алып барууда. Учурда сел сууларынан келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Төө-Ашуудагы туннелдин ичин каптаган суу токтоду

Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок абал кайра кайталанган.

Тажикстанда кызматтык автоунаасы өрттөлгөн прокурор иштен алынды

Быйыл февралда Куляб шаарында кызматтык автоунаасы өрттөлгөн Хатлон облусунун Восей районунун прокурору Жуманазар Сайидахамадзода кызматтан алынды. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, прокурорду иштен алууга тургундардын көптөгөн даттануулары себеп болгон. Азырынча Тажикстандын Башкы прокуратурасы бул боюнча эч кандай маалымат бере элек. «Озодинин» укук коргоо органдарындагы булагы билдиргендей, бийлик прокурордун автоунаасынын өрттөлүшүн анын адилетсиз чечим чыгарганы …

Каржы пирамидасы боюнча соттолгондор ачкачылык жарыялады

Казакстанда «каржы пирамидасын түзүү» айыбы менен соттолгон 48 киши тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына алардын жакындары билдиришкен. «Уулума жолугуп келдим. Бир күндө бир жарым килограмм арыктаганын айтууда. Ал жакта жүрөгү начар адамдар да бар. Алар кургак ачкачылык жарыялашкан», – деген соттолуучу Бекзад Мырзанын апасы. Камактагы Маржан Бакасовдун тууганы тергөө абагындагылар биринчи …

Кыйноого айыпталган тергөө абагынын мурдагы 12 кызматкери соттолду

Анжиян облустук соту шектүү Санжарбек Мамажоновдун өлүмүнө алып келген тергөө абагындагы кыйноо иши боюнча жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын мурдагы 12 кызматкерине карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, алты киши төрт жылга эркинен ажыратылса, дагы алтоо, анын ичинде тергөө абагынын башчысы үч жылга соттолду. Ошондой эле өкүм менен 10 айыпталуучуга бир жарым жыл, дагы экөөнө бир жыл …

2024-жылы КМШда волонтердук кыймылдын жылын өткөрүү пландалууда

Ушул жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Жаштар иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чара видеоконференция форматында өткөн. Жолугушуунун катышуучулары 12 маселени карашты: 2021-2022-жылдарга шериктештикке катышкан мамлекеттердин 2021-2030-жылдарга Эл аралык жаштар кызматташтыгынын стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары жана 2023-2024-жылдарга иш-чаралар планын аткаруунун …

ӨКМдин Өрткө каршы кызматына 97 жыл толду. Бообек Ажикеевдин куттуктоосу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнө 97 жыл толду. Буга карата өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев куттуктоо жолдоду. Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Урматтуу кесиптештер! Кадырлуу өрткө каршы кызматынын ардагерлери жана жалындан коркпогон айбаты күчтүү эр азаматтары! Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 15-июнь — Өрткө каршы кызматынын …

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, техникалык суу чыгаруучу скважиналар шаардагы Токтогул, Жеңиш эс алуу парктарына жана Балтагулов көчөсүнө курулуп, пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен белгилешкендей, скважиналар аркылуу Токтогул, Жеңиш сейил бактарындагы, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Осмонов көчөлөрүндөгү бак-дарактар, гүлдөр суу менен камсыз болуп, арыктар …