15618
за день
1278068
за месяц

Курч.kg

“Ак-Кеме” мейманканасы акыры өз ээсин тапты, мамлекеттин эсебинен байыгандардын тизгинин тарталы

22-июнда борбор калаабызда жайгашкан «Ак-Кеме» мейманканасы бошотулуп, толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Мына ушул окуянын тегерегинде учурда соцтүйүндөрдө кызуу талаш-тартыш пикирлер айтылууда. Айрымдары окуянын чоо-жайын жакшылап анализдебестен эле бийликти сынга алышууда. Муну баскынчылыкка теңеп жибергендер да болду. Реалдуулуктан алып караганда мамлекеттин бул кадамы толук мыйзамдуу жана акыйкат кадам болду. Себеби, “Ак-Кеме” мейманканасын убагында түркиялык “Систем…

Аргасы куруган Текебаев, артындагы “калбырынан” кооптонгон Отунбаева

“Ата Мекен” партиясынын “боссу” Өмүрбек Текебаев менен партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөн Чотоновдун соту 22-июнда да уланды. Бул отурумга экс-президент Роза Отунбаева жетип барып, темир торго кирип бараткан Текебаевдин колун коё бербей бир топ арманын айтты. Качан гана Отунбаеванын мындай мыйзамсыз аракетин аскер кызматкерлери токтоткондо аларга да асылып алды. Жөнү жок тийише кетти. Отунбаева эмне…

Соцтүйүндөрдөн демилге: Акылбек Жапаровдун “Дасмасын ИИМге алып берелиби?

Элдин эсебинен байып, мамлекеттин казынасын какшыткан аткаминерлер эртеби-кечпи мыйзам чегинде жоопкерчилик тарта турганы акырындык менен билине баштады. А.Акаев менен К.Бакиевдин маалында «мурдун балта кеспей» жүргөн чиновниктер (албетте, элдин эсебинен байып алгандар) бүгүн эмне кылар айласын таппай туру. «Колуң менен жасаганды мойнуң менен тартышың керек» деген мыйзамга анчейин баш бергилери келбеген эргулдар бардык эле ачылган кылмыш…

Токтогул Какчакеев, саясат таануучу: “Өзүнүн таза экенине ишенген адам эч качан сот ишин создуктурбайт”

– “Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын сот иши 16-июнда Ленин районундук сотунда башталбай жатып, анын жактоочулары отурумду создуктуруп, 19-июнга жылдырды. Булар эмне үчүн соттон качып жатат деп ойлойсуз? – Сотту создуктуруу жөн гана шылтоо. Кимдин кылмышкер, кимдин ак экенин сот гана чечет. Салянова үчүн бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Эгер өзүн ак деп эсептесе сотту…

Бакиевдердин таянычы Мелис Мырзакматов гана болуп калдыбы?

«Мен Оштун кожоюнумун» деп оозунан жаңылган экс-мэр Мелис Мырзакматовдун да сыртта тентип жүргөнүнө бир нече жыл болуп кетти. Адегенде жаш токолунун койнунда «махабат көлүнө» магдырап жатып, Мекенге болгон кусалыгы анча байкалган эмес. Анан «төшөк» кызуусу таркагандан бери «Мекениме кайтып барсам» дегенде эки көзү төрт болуп туру дешет. Бирок, ал мындай кусалыгын жазып, мекенине кайтып келүүсү…

Акматбек келдибеков соттолгондугун алып салуу үчүн кандай “стратегиялык тактика” иштеп чыгууда?

«Мыйзамдын чегинде иш кылыш керек» деп кооз сүйлөгөн адатын экс-спикер Акматбек Келдибеков дагы деле калтыра албай келатканы белгилүү болду. Тактап айтсак, ал «Азаттык» радиосуна маек куруп, «мен алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышам, ал үчүн мыйзамдуу жол менен аракет кылам» деген маанайда пикирин билдириптир. Биринчиден, анын алдыда өтө турган президенттик шайлоого катышууга укугу жок экендиги…

Айнура Арзыматова, саясат таануучу: “Бабакуловго кылмыш ишин козгоо – көпчүлүктүн талабы болчу, ал атайын пландын негизинде иштегендей”

– Улуттар аралык кастыкты козуткан журналист Улугбек Бабакуловго кылмыш иши козголоору менен ал сыртка качып кеткени маалым болду. Ал чет өлкөдө да тынч жатпай актанууда. Эгер анын күнөөсү жок болсо эмне үчүн качып кетти деп ойлойсуз? – Буга чейин президентке ал журналисттин кайсы бир укук коргоочу менен ушул темада сүйлөшкөнүн атайын кызмат билдирген экен. Демек,…

Чагымчыларга катуу тыюу салынбаса, анда өлкөгө олуттуу коркунучтар күтүлөт

Президенттик шайлоолордун алдында саясый айдыңдагы чыңалуу ар кандай күчтөрдүн, инсандардын жана топтордун амбицияларынын, ниеттеринин негизинде күчөйт. Бул кадыресе көрүнүш жана президенттик шайлоо – мамлекеттин кийинки алты жылдагы өнүгүүсүн аныктаган фактор болгондуктан, ар бир өлкөдө байкалат. Бир жагынан алганда, көптөгөн саясатчылар шайлоолорду спортчулар Олимпиаданы кабыл алгандай, өзүн көрсөтүү, “алтынга” ээ болуу катары кабылдашат. Шайлоодогу жеңиш тарыхка…

Канкор Бакиевдер кимге “ставка” коет: Келдибеков, Ташиев, Бабанов же Төрөбаевгеби?

Маалымат сайттардын бири кызыктуу маалымат жазып чыкты. Тагырагы, алдыда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу. Анда учурда бийликте турган КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду башкы постко алып келүүгө бардык күчүн жумшай турганын жана ага атаандаштар катары Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев жана Өмүрбек Текебаев болушу мүмкүн экендиги баяндалат. «Бирок, бул «демократия аралчасында», тагыраак айтсак, анын сыртында…

Бабакуловду Кислов сатты, саткын бардык жерде саткын бойдон калабы?

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) журналист Улугбек Бабакуловго улут аралык кастыкты козутканы үчүн кылмыш ишин козгогон. Ага Бабакуловдун “Фергана ру.” сайтына жазган чуулгандуу макаласы себеп болгон. Президент Алмазбек Атамбаев 11-июнда “Таза коом” долбоорунун алкагында өткөн эл аралык конференциянын алкагында сөз сүйлөп жатып, Бабакулов дал ушул макаласы тууралуу айрым укук коргоочулары менен да сүйлөшүп,…