2402
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

De-факто

Айнуру Алтыбаева, депутат: “Ирина Карамушкина көтөргөн маселелердин бирөө да колдоо таппайт”

—Айнуру Тойчиевна, жыйында Октябрь революциясына арналган маселе боюнча Ирина Карамушкина менен катуу талаш-тартыш болдуңуздар? —Эми ар бир депутат өз пикирин айтканга, талашып-тартышканга акысы бар. Унчукпай эле бири-бирибизди колдоп олтура берсек, Жогорку Кеңештин кызыгы кетип калбайбы. Ирина Юрьевна Октябрь майрамдарына арналган документти толук караган эмес, тааныштыгы жок. А кыргыз тарыхын болсо барактап да койбосо керек. Биз…

Күн өткөн сайын Султанбекова такшалууда

Маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова чоң саясатка депутат болуп аралашуу менен вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетти. Бирок, жаңыдан аткаруу бийлигине келген кезде жүдөп-какап, иштин көзүн билбей биртопко чайналып жүрдү эле. Талыкпаган аракетинин аркасы менен азыр бир топ такшалып калды, иштин көзүн таап калды дегендей… Памирдеги боордошторду көчүрүп келүүдө чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, айым башы менен жоопкерчиликти көтөрүп, үлгү…

Аялдарды “экинчи сорт” адам катары көргөн Бабур Төлбаев

Элге күйүмдүү болуп, кайрымдуулук иштери менен эл оозуна байма-бай алынып жүргөн меценат Бабур Төлбаев “Мөл Булак” чакан банкынын башкы директору экендигинен көпчүлүктүн кабары бар. Кайрымдуулук дегени менен элге жогору пайыз менен насыя берип, ошонун эсебинде кайрымдуулук кылып, андан тышкары бир нече миң сомдон атайын коом үчүн деп кардарларынан кармап калган адаты бар экендиги дагы жашыруун…

Адилет КАЛЫГУЛОВ: “Бул шайлоодо ким Көбөш, ким Абыке экени алаканга салгандай көрүнүп калды”

– Президенттик шайлоо таза өттү дегенге кошуласызбы? – Жалпысынан алганда бул шайлоо таза өттү десек болот. Анткени заманбап электрондук урналар колдонулгандыктан добуш уурдоо, пачкалап бюллетень салуу жана “карусель” сыяктуу ыкмаларга бөгөт коюлду. Бирок ошол эле учурда кемчиликтер да болбой койгон жок. Алсак, көнгөн адат калабы дегендей мамлекеттик кызматтагы айрым жетекчилер жогору жакка жагыныш үчүн, орундарын…

Соцминистрибиз “соска” ээмп отурабы?

Өлкөбүздө өтө кооптуу делген эң ири иш чаранын бири өтүп, президенттик шайлоо тынч маанайда жыйынтыкталды. Эми жаңы шайланган мамлекет жетекчиси бир айдан соң ишке киришмекчи, ага чейин кадрлык жүрүштөр жасалары аяк салууда. Ал иш-чара Жогорку Кеңештин спикеринен башталганын көрүүдөбүз. Албетте, шайлоонун шайтан оюндарына берилип ичтен иритүү максатында «душмандар» тарабынан тымызын былгыткандар өз жазасын алышы шарт.…

“Алтын балыктын” образын жараткан Ниязов

Учурда Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөн Мирослав Ниязов бир кезде азыркы бийликтин элдешкис душманы болумуш этип жүргөн. Бийликти иликтеп-жиликтеп, сындап дегендей. Ким сунуштаганын ким билсин, акыры элчи кылып Тажикстанга кетиришкен. Болбосо бул кишинин дипломатиялык билими, тажрыйбасы деле жок. Ошол ошол болду, принцибин бийликке алмаштырып ийип, азыр “алтын балык”…

Турускулов кантип жасап, кантип жашап жатканын ачыктап койбойбу?

ЖоКедеги “аты бар заты жок” балык депутаттардын катарын толуктаган Жыргалбек Турускулов деген эргул шайлоо маалында шанаңдап, революциядан бери мүлдө кыргызга опол тоодой эмгекти жасап жаткан Алмаз Атамбаевге каршы чыкканын көрдүк. Өмүрбек Бабанов Түштүккө барып улут аралык кастыкты козуткан сөздөрдү сүйлөп, Казакстан менен болгон мамилени солгундатып, НТС каналы менен бийликтин ишин көрдөн алып жерге, жерден алып…

Зайнидин Курманов кызмат үмүт этип жүрөбү?

Бакиевдин тапшырмасы менен кыргызга далай кыянат иштерди жасап, Каркыра сындуу керемет жерлерден айрыган “Ак Жол” партиясынын желдеттери бүгүн да төрүбүздө тайраңдап, каалаган жерде дөөрүгөнүн көрүүдөбүз. Жакындан бери ошол атың өчкүр “Ак Жол” партиясынан депутат болгон, депутат эле эмес спикерликке чейин жеткен Зайнидин Курманов деген “бок курсак” адатынча бийликтин “артын” жалап, шалпактата мактап чыкты. Чамасы, кызмат…

Ахмедов кыргызга каршы саясатын жүргүзө береби?

Биздин өлкөдө түшкө кирбеген окуялар көп болот. Мисалы, манты жеп отурган киши президенттик такка жеткенин билебиз. Бирок, өлкөгө жакшылык жасабастан будуң-чаң кылып, далай чыгаан жигиттерди атып, аягында эл жеринен безип кетти. Ошол сындуу күтүлбөгөн жерден даяр ашка келгендер азыр да бар. Айтсак, Уран Ахмедов деген азамат таштын жаракасынан жарк этип, Адилет министрлигин аркалап калган. Жакындан…

Алмаз Бакетаев деген эргулдун барынан жогу жакшы го…

Майлуу-сүттүү орунга жеткенче алдастап, башчыларына жагынуу үчүн далай трюктарга даяр кызмат өкүлдөрү бар. Бирок ошол өздөрү аракет кылып жеткен “креслого” отурган соң эмне максат менен келгенин унутуп, манчыркап кандай жумуш аткарууга милдеттүү экендигин эсинен чыгаргандар бар экенине таң болосуң. Дейин дегеним, бир жумадан ашык убакыт жумуш ордунда жок Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевди айтып…