3876
за день
1267742
за месяц

De-факто

Сарпашевдин бул жерден да былыгы чыкпайбы?

ИИМдин Маалыматтык технология башкы башкармалыгын маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү жана жасоо фактысына байланыштуу 228 кылмыш иши козголуптур. Анын ичинен 125 кылмыш иши сотко өткөрүлсө, 50дөй иш боюнча тергөө-иликтөө иштери уланып жатыптыр. Парламенттин тийиштүү комитети өлкөдө  мыйзамсыз паспорт берилип жаткан көрүнүштү талкууга алып, укук коргоо органдарына фактыларды иликтеп, чара көрүүнү тапшырды. Буга чейин жасалма…

Казинодон чыкпаса, кайдан тааныйт эле?

Айрым адамдар өлкө үчүн башын оорутуп жүрсө, айрымдар өз кызыкчылыгы үчүн көмөчүнө күл тартат. Маселен, маркум Абсамат Масалиев кыргыз саясатында алтын тамгалар менен жазылып, бийликте туруп таза адам катары таанылуунун эталону болсо, анын  уулу Искак Масалиев али күнчө кумар азгырыгынан бошой албай, элдин эртеңи тууралуу ойлонууга убактысы жоктугун бардык эле ММКлар жазып, коомчулук талкуулап бүттү.…

Зиядин качан ойлонот?

Сүйлөгөн эле неменин кадыры кеңейет деген түшүнүккө чулганган Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин кезектеги отурумунда дагы күңк-мыңк этип, аймактарда сел жүрүү, жер көчкү басып калуу коркунучу бар экенин билдирип, “тез арада кооптуу аймактагыларды көчүрүшүбүз керек” деди. Жөн айтып койсо эл ишенбей калчудай болуп, “күчкө салып көчүрүшүбүз керек” деп кошумчалады. Бирок каякка, кантип көчүрүш керектигин…

Канжар КАДЫРАЛИЕВ: “Жанар Акаев менден пара алган, бул сөзүм тастыкталбаса, кылмыш жоопкерчилигин тартууга даярмын”

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум 30-мартта өттү. Анда Канжар мырза көпчүлүктүн оозун ачырган маалымат таратып, депутат Жанар Акаевдин 7 миң доллар пара алганын шардана кылды. «Жанар Акаев акчага менин үстүмдөн кара пиар менен алектенди. Каралар экен, канкор, бизнесмендердин канын ичкен ууру деп раматылык…

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды одоно бузуп жатышабы?

Элдин эсебинен жашап көнүп алган саясатчыга айла жок окшойт. Мындай дегенибиздин себеби бар, тээ 1980-жылдардын аягынан тарта эле депутаттык креслодон түшпөй келаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кызматтык батирде жашап, кызматтык автоунаада жүрүп, эки жакка чыкса да кызматтык сапар бекер болгонго укмуштуудай көнүп алган окшойт. Эми башына кара булут айланып, коррупция жана алдамчылык беренелери…

Аюу чээнден чыгабы?

Өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов деген бирөө бар. Аты-жөнүн араң тактадык. Атаңдын көрү, аты угулбай атып амбициясы тирукмуш экен. Кызылдай эле күйөө баланы тоорумакка салган жеңелерче таарынчагын айт. «Укмуш иштерди жасап атам, бирок көрө албагандар бут тосуп атышат. Теледен көрсөтөлү десем дагы эфир бербей жатышат», – деп бет тырмарлык кылган жайын да…

Жамин Акималиев жаманчылыктан алыс болсун

Жамин Акималиев деген академик аксакалыбыз бар. Жашы 80ге таяп калды. Бирок карылыкка моюн сунбай күүлүү-күчтүү жүрүп, жаштарга акыл-насаатын айтып, ыңгайы келген жерден бийликти согуп калат. Ылайым ден соолугу чың, өмүрү узун болсун! Анткени аксакалдардын бийликти сындап камчылап турганы жакшы. Албетте, аша чаппаш керек. Айрым маселелерге маани бербей деле койсо оң болот. Дегенибиз, бир учурда илимдер…

Талгарбеков тайраңдабаса экен

Акаевдин ажырагыс соратниги, айыл чарба дегендин түбүнө жол ачкан эргул, оппозиция болуп бийликке сес көргөзө коем деп абакка түшүп калган Бекболот Талгарбеков жакында эркиндикке чыгаарын эшиттик. Албетте, абактын жүзүн жыландын баласына да көрсөтпөсүн. Арийне мамлекет айрым тентектерди акылына келиши үчүн абакка кармоого мажбур экен да. Болбосо аларың каалашынча тайраңдаганы турбайбы. Айтор Бекболот мырза эркиндикке чыккан…

“Алагүү” Акибаевдин арман ариясы созулуп…

Ким бирөө кылган иши менен, ким бирөө артыкчылык өнөрү менен, анан ким бирөө байлыгы менен мактанат эмеспи. Арийне кылган иши да, элге жагаар өнөрү да жок туруп, байлыгынын арты менен бакандай кызматты ээлеп чыга келген Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору Аскат Акибаев деген “манапты” билесиңер да. Касиеттүү Ысык-Көлдү башкарып туруп калкка жагаар бир иш жасай албады.…

Казаковдун карааны эле канчалык

Ар бир эл өзүнүн каада-салты жана маданияты менен бийик экенин билебиз. Ал эми мамлекет түзүп, түндүгүн көтөргөн элдер жеке өзүнө гана тиешелүү маданияты менен сыймыктанары баарына маалым. Мындан улам өз өлкөсүнүн пайдубалын түптөгөн ар бир калк ата-жотосунан мурас катары калган баалуу маданиятка өзгөчө көңүл буруп, аны өстүргөнгө аракеттенип келишүүдө. Биздечи? Кыргыз маданиятын даңазалоо мындай турсун,…