2205
күнүнө
за день
132972
айына
за месяц
баннер A

De-факто

Мөңгү мыйзамын өткөрүүгө жасаган аракети үчүн Назаров сыйлык алдыбы?

Наам, сый-ургаал дегендер албетте жакшы. Бирок ага эмгеги сиңген адамдар татыса. Ал эми ортодон эле чыга калып, чочугансып наам алып аткандар бир эсе кыжырыңды кайнатат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров кечээ ажонун колунан “Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасына эмгеги сиңген кызматкер” – деген ардактуу наам алды. Кандай жол менен, эмне эмгеги сиңип кеткени бүдөмүк. Бир сөз менен…

Аттиң, байболгурлар, анчалык “какылыктабасаңарчы”?

Ооба, казак боорлорубуз менен мамилебиз анча келишпей атат. Мына ушул абалдан да ар ким өзүнө упай топтогусу бар экен. Дегеним, “Казактардан келген бир унаа жумуртканы кайра артка кайтардык” деп жаңылыктардан кайра-кайра какшап атышат.  Тимеле, коңшу мамлекеттин экономикасы ошол бир унаа жумуртка артка кайтарылбаса эле эңшерилип кетчүдөн бетер. Эми ушул дагы жаңылыкпы? Аныгында, казактар биздин жүздөгөн…

Жантөрө мырза жагалданмай жаатынын адисиби?

Саясаттын сахнасынан түртүп атса да кетпегендер бар. Куйругундагы калбырын калдыратып сүйлөп алып, кайда болбосун уруп согуп кете беришет. Дегеним, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн шайлоодо Өмүрбек Бабановго жан тартты эле. Албетте, ачык “сахнага” чыкпастан. Кызыгы бул жакта, ошол шайлоодо колдогон кишиси президент болбой калгандан кийин бул бийликти мактаганга өттү. Тимеле камырдан суурулган кылдай эле жиги…

Мээрбек Мискенбаев: “Мындан ары “Бабанов” деген сөз кыргыз саясатынан чийилиш керек!”

Ажобузду сындап жазган Анатай Өмүркановдун ырын окудуңузбу? -Биринчиден мен да таластыкмын. Биз эл сыйлаган аксакалыбыз сасык саясатка аралашпай койсо дурус болмок. Эгер Бабанов ошончолук баатыр болсо, Анатай Өмүрканов ыр арнагандай шер болсо, анда жүз миңдеген элди таштап, жеке кызыкчылыгы үчүн керт башынын амандыгын ойлоп качмак эмес. Бул – суу жүрөктүк, коркоктук. Бабанов саясатчы эмес, базарчы,…

Билим берүү министрлиги барбы өзү?

Ушу тапта коомчулукта Билим берүү жана илим министрине нааразычылык абдан күч. Айрыкча мектептеги баш аламандыктар, ата-энелерден акча жыйноо сыяктуу көрүнүштөр азыр да кайталанууда. Болгондо да жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө кескин бура баштады. Айтсак, “Булан” институту деген бөйөкмөт уюмдун изилдөөсүндө айрым мектептерге “Фонд” деген акча жыйноо махинациясы күч алып, социалдык абалы төмөн адамдардын балдары мектептен чыгарылып…

ИИМди иритип, ушакка ууктурган Абдыкадыров

Айрым адамдар иш жасаса артында жакшы кептер айтылат. Айрымдар таптакыр тескеринче. Мисалга алсак, ИИМ министринин орун басары Данияр Абдыкадовдун артынан сын-пикирлер айтылууда. “Калк айтса калп айтпайт” дейт элибизде. Буга чейин да ММК беттеринде олчойгон-олчойгон арыздар, кайрылуулар жазылса да бирине расмий жооп же өзүнөн же ИИМ тараптан болбоду. Бул деген ошол арыздарда айтылгандар чындыкка коошот дегендик…

Төрөбаевди Жолдошбаев “жок” кылабы?

Жогорку Кеңеш учурда ит тартыш абалында. Дегеним, партиялар лидерлерин алмаштыруу, мурункуну кетирип, жаңысын коюу маселесине катуу киришип жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештиш эркин депутаты (мурда “Өнүгүү” фракциясынын депутаты эле) Камчыбек Жолдошбаев “Өнүгүү” фракциясынын лидери бакыт Төрөбаевди лидерликтен кетирүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барууда. Буга Бакыт мырзанын партия ичиндеги интригалары, Жогорку Кеңештеги курамынын бөлүнүп жарылышы, анан да туруктуу…

Назаров дегенде намыс барбы өзү?

Наам, сый-ургаал дегендер албетте жакшы. Бирок ага эмгеги сиңген адамдар татыса. Ал эми ортодон эле чыга калып, чочугансып наам алып аткандар бир эсе кыжырыңды кайнатат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров кечээ ажонун колунан “Кыргыз Республикасынын айыл-чарбасына эмгеги сиңген кызматкер”  – деген ардактуу наам алды. Кандай жол менен, эмне эмгеги сиңип кеткени бүдөмүк. Бир сөз…

Мадумаров мамкызматка келеби?

Мамлекеттик кызматтын үзүрүн көрүп, жилигин мүлжүп калган Адахан акебиз шайлоо маалында күпүлдөп жогор жакка сын айткандай көрүнүп жаткан эле. Көрсө, “устукан өндүрүү” үчүн тили буудай кууруган окшойт, учурда жең ичинен жогор жакка тымызын киши чаптырып, чүйгүн кызматтардын бирин “соодалашып” жатканын уктук. Эгер көздөгөн жери колго тийип калса бүгүнкү көз карашын 180 градуска өзгөртүп, бийликти сүттөй…

“НТС” мамлекетке өтөбү?

Байлыкка манчыркап, акчасына көпкөн азаматтардын бири шайлоо маалында алына ченебей адыраңдап, жеке каналы аркылуу бийликти колунан келишинче ашатып, аягында сыртка карай куйругун түйгөнүнө күбөбүз. Турмуштун өзү “парадокс” дегендей, учурда ал “баатырга” өтө оор айыптар менен кылмыш иши козголуп, өлкөгө кирери менен тузакка илинээри ачыкка чыкты. Андан да кызыгы, бер жактагы боло жүрчү “майда” иштер дагы жанданып,…