3094
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Category: Борбор Азия жаңылыктары

Кумтөрдө күйүүчү май ташып бараткан цистерна оодарылып кетти

Кумтөр кенинде күйүүчү май ташып бараткан автоцистерна оодарылып кетти. “Кумтор Оперейтинг Компани” ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 9-июлда «Кумтөр» кенине күйүүчү май жеткирүү үчүн бараткан автоцистерналардын бири коопсуздук бермасын сүзүп алган. “Оодарылып кеткен цистерна технологиялык трассадан чыгып, эңкейиш жерге кулап, андагы жети тоннага жакын дизель төгүлгөн”, – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө. Компаниядан төгүлгөн май эч кандай…

Президент Атамбаевдин киреше декларациясы жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 1 миллион 246 сом же айына болжол менен 103 миң сом киреше тапкан. Ал эми жылдык чыгашасы 8 миллион 385 миң сомду түзгөн. Өлкө башчысы бул акчаны мурда топтогон каражаттарынан коротконун декларациясында көрсөткөн. Документке ылайык, Алмазбек Атамбаевге катталган 2,7 гектарда жайгашкан 116 чарчы метр аянттагы имараты, 6.4 гектарда көп жылдык бак-дарактары…

Ооган президенти “Таза коом” долбоору менен кызматташууга кызыктар

Ооганстан президенти Ашраф Гани Кыргызстан менен “Таза коом” долбоору боюнча кызматташууга дилгир. Ал жаңы долбоорду ишке ашыруу демилгесин колдой турганын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстанда жолугушуу учурунда билдирди. Дүйшөмбүдө күн мурун CASA-1000 долбоорунун катышуучуларынын саммити өттү. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча Ашраф Гани энергетикалык тармак менен катар санариптик технологиялар тармагында, анын ичинде “Таза коом” долбоору менен…

Кыргызстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады

Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясын экспорттоо боюнча Өзбекстан менен макулдашты. Улуттук энергетикалык холдинг 16-июндан 4-июлга чейин коңшу өлкөгө 192,5 миллион киловатт-саат электр кубатын жеткирди. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард киловатт-саат экспорттоо пландалууда. Холдингдин маалыматы боюнча, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлда 18,78 миллиард…

Чаткалда жергиликтүү эл алтын казгандардын техникасын токтотту

Чаткалдын Чандалаш айылынын 30дай тургуну кечээ айылга жакын жерде кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Консалидит Аврум” компаниясына тиешелүү техниканын ишин токтотуп салышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургун Шербет Өскөнбаева билдирди. – 40 түтүн эл жашаган айылга жакын жердеги дарыянын нугун буруп, токой аянттарын талкалап жатканын көрүп карап тура алган жокпуз. Дарыянын суусу айылды каптаса…

Ташкенттен Ысык-Көлдүн Тамчы аба майданына түз аба каттамы ачылды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бүгүн ичинде 190 жүргүнчүсү бар өзбекстандык учак Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун аймагындагы Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аба майданына келип конду. Diplomatic VIP and Travel Service компаниясы мурда маалымдагандай, “Өзбекстан аба жолдору” компаниясы ар шейшемби сайын 190 орундуу Боинг–757-231 учагы менен Ташкент–Тамчы–Ташкент каттамын аткарат. Учуу убактысы…

Атамбаев Матвиенко менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия Федералдык жыйынынын Федерациялар Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды. Мамлекет башчы анын өлкөгө келишин «чыныгы достун сапары» деп атады. Атамбаев Матвиенко башында турган Федерациялар Кеңеши Кыргызстанга бардык маселелер боюнча жардам берип келерин белгиледи. “Сиздин биздин кызыкчылыктарыбызды жактап, жардам берип жаткандыгыңызды билем. Сизге чоң рахмат!”, – деди Атамбаев. Өз кезегинде Матвиенко Кыргызстанга…

Таласта эки журналист сууга агып каза тапты

Таластагы 3-каналдын аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен журналист Элмира Сүйүтбекова 1-июлда Беш-Таш суусуна агып кетип каза болушту. Аталган каналдын кызматкерлери ишембиде “Беш-Таш” коругуна эс алууга барышкан. Кесиптештеринин билдиришинче, кечки саат 20:00 чамасында Элмира Сүйүтбекова сууга бетин жууганы барганда буту тайып түшүп кеткен. Сүйүн Өмүрбеков аны куткарууга аракет жасап, артынан сууга түшкөн. Бирок экөө тең агып…

Турсунбеков: “Орус делегациясы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок”

Орусия делегациясы Кыргызстандагы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков VI чакырылыштагы парламенттин экинчи сессиясынын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны учурунда билдирди. Турсунбеков Мамдуманын спикери Володин баштаган делегация шайлоо алдындагы кырдаалды байкоо үчүн келди деген эксперттердин пикирине кошулбайт. «Володин менин чакыруумдун негизинде келди. Эгер талдоочулардын логикасына таянсак, анда орус делегациясы…

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын 49% акциясын Кытайга сатуу сунушталды

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишев 28-майда HNA Aviation Investment Group компаниясынын башкы директору Чэн Минцюн менен жолугуп, кытай тарапка “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Хайнань авиакомпаниясынын учактары “Манас” аэропортун транзиттик жай катары пайдаланса боло тургандыгын белгиледи. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын…