15614
за день
1278064
за месяц

centralasian.org

Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз жүргөн жарандарды сотсуз эле мекенине кайтарышат

Кыргызстан менен Казакстан миграциялык мыйзамдарды бузган өз жарандарын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын узакка созулчу соттун чечимдерин күтпөстөн эле тездетилген тартипте өлкөсүнө жөнөтө алышат. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин добуш берүүсүнө жөнөтүлдү. Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн компетенттүү органдары адамдарды соттун чечимдерин күтпөстөн эле, кайсыл өлкөдөн келсе кайрадан ошол…

Чек арага жакын аймактарда теракт уюштурууну көздөгөн топ кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен чектеш аймактарында террордук актыларды уюштурууну максат кылган эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалды. Кыргызстандын 21, 28, 31, 34 жаштардагы жарандары атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Маалыматка караганда, кармалгандар колго жасалган жардыргыч зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен чек арага жанаша аймактарда бир катар…

Арстан Алай президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Арстанбек Абдылдаев президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты. Өзүн өзү талапкерликке көрсөтүп жаткан 49 жаштагы Арстанбек Абдылдаев “Аурдин” ишканасын жетектейт. Ал Арстан Алай деген ат менен да белгилүү. 2011-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Ошол эле жылы кеңири коомчулукка “Зима не будет” (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, интернетте…

Кыргыз аскерлерин Сирияга жиберүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланууда

Орусиянын Мамдумасынын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Шамановдун айтымында, Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатат, акыркы чечим кабыл алына элек. Ал Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран, Түркия өз ара меморандумга кол…

«Ак-Кеме» мейманканасы мамлекеттин менчигине өттү

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы “Мүлк” ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган мейманкана мамлекеттин насыясынын эсебинен курулганы менен ар кандай чыр-чатактардын жыйынтыгында көп жылдан бери пайда көрбөй келе жатат. Нусубалиевдин билдиришинче, соттун чечими менен ал имарат мамлекеттин менчигине өткөн. “Ак-Кеме” жетекчилигине имаратты бошотуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилип,…

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти

Тиешелүү протоколго Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюлат. Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн эске салды. – Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип,…

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле алдыдагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби талкууланды. Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн Москвада Кыргызстандын Орусиядагы Маданият күндөрүнүн ачылышына катышат. Эртең Алтай цивилизациясын иликтөө менен…

Ананьеводогу жарылуудан эки адам мерт болду

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июнда май куюучу станциянын жанында газ баллон жарылуусунан бир канча газ ташуучу унаа жана 500 газ баллону күйүп кеткен. Өрттү…

Кыргызстандын президентинин Орусияга мамлекеттик сапары башталат

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен барат. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Атамбаев жетектеген делегация Москвага бүгүн түштөн кийин учуп кетет. 24-июнга чейин созулуучу мамлекеттик сапар кыргыз-орус дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналган. Бул расмий сапар Орусия президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык жүзөгө ашырылууда. Анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын президенти…

Бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл орнотулду

Бул тууралуу Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев армиядагы жоокерлердин өлүмүнүн себептери тууралуу “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, армиядагы чоңсунуу сыяктуу уставдан тышкаркы мамилелердин, суициддердин алдын алуу максатында бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл орнотулду: – Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар…