5116
күнүнө
за день
178015
айына
за месяц

BBC. Кыргыз кызматы

Жогорку Кеңешпи же олигархтар ордосубу?

“Кыргызстан” фракциясынын депутатынын Казакстанда кармалышы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын курамы, жүзү, кесиптик потенциалы тууралуу кезектеги талкууга жем таштады. Соңку эки жылда парламенттин VI чакырылышынын тогуз депутатына кылмыш иши козголуп, көбүнө Кылмыш кодексинин оор беренелери боюнча айыптар коюлду. Алардын айрымдары саясий куугунтукка тушукту деген менен жалпы курам сапаты тууралуу байма-бай сындар айтылып келет. Олигархтык парламент атка…

Н.Кравцов: ЖЭБдеги авариянын себеби чынында аталган жок

Бишкек жылуулук борборундагы авария үчүн жазаланчу адамдардын тизмеси сунушталды. Биринчи вице премьер-министр Асарбек Шадиев баштаган комиссия териштирип бүтүп, шаардын жылуулуксуз калышына кадимки шалаакылык, кызматкерлердин туура эмес чечим кабыл алуусу себеп болгон деди. Ал тапта чириген тармакты оңдоо үчүн жылуулук баасын көтөрүүнү угуза башташты. ЖЭБдеги аварияны териштирген ведомстволор аралык комиссия жетекчилерден “Электр станциялары” ишканасынын башчысы Узак…

Бектур Асановдун энеси: балам кайраттуу отурат

“Камактагы саясатчыларды коргоо” комитети президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Алар 16-17 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан камактагы үч саясатчынын өмүрүнө коркунуч жаралды дешүүдө. Бектур Асанов менен жолукканы кечээ энеси кирип, ачкачылыктан баш тартуусун сураган.  Саясатчы Бектур Асанов 18-күн кургак ачкачылык кармап жатканын жакындары айтты. 15-февралда аны менен энеси, жубайы жана эжеси жолугуп чыкты. Айтымдарында,…

Жаңы деген тез жардам унаалары “жараксыз” болуп чыкты

Кыргызстанга көмөк катары бөлүнгөн 15 тез жардам унаасы келгени менен келишимдин талаптарына жооп бербей турганы анык болду. Министирлик бир жылдай мурун келишим түзүп, Германия бөлгөн каражатка, нидерландиялык компания унаалар менен камсыз кылмак. Би-Би-Си Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылып, толук кандуу ишке ашпай жаткан келишимдин чоо жайын сурады. Т. Батыралиев: Азыр басма сөздө тез жардам кызматы…

Ачкачылык кармап жаткан саясатчыга апасын жолуктурушту

Бишкек шаарындагы №47 колонияда ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асановго апасы жана жубайы, бир тууган эжеси кирип, абалын сурап чыкты. “17 күндөн бери ачка олтурган адамдын абалын жакшы деп айта албайм. Апамды кабатыр кылбайын деп, бизге билдирбегенге аракет кылып, күлүп эле олтурду. Бирок абалы көрүнүп турат, өз алдынча деле баса албай калгандай. Дарыгерлер деле эгер…

Коомдук сайттарды көзөмөлгө алуу мүмкүнбү?

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешовдун “жалган маалымат таратканы үчүн” моралдык компенсация төлөө тууралуу сунушу талкууга түштү. Айрым активисттер депутаттын демилгесин сөз эркиндигине болгон кысым катары баалады. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда, коомдук сайттарда кимдир бирөөнү негизсиз каралаган же кадыр-баркка шек келтиргендер моралдык конпенсация төлөшү керек деп көрсөтүлгөн. “Социалдык тармактардын колдонуучуларына айып пул койгон жокмун жана…

Түштүк Африкада браконьер арстандарга жем болду

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында арстандарга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн браконьерлер кайра өздөрү жырткычтарга жем болуп калганы тууралуу жергиликтүү полиция кабар таратты. Арстандар жеп кеткен кишилердин денесинен эч нерсе деле калган эмес. “Курмандык болгондор сафари-паркта мыйзамсыз аңчылык кылып жүрүшкөн окшойт. Аларды арстандар жара тартып жеп кетиптир,-деди Франс-пресс агенттигине полициянын өкүлү Лимпопо Моате Нгопе. -Алардын денесинин…

Жеңил өнөр жайынын жеңил эмес жолу

Кыргызстандын кийим тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү Париждеги эл аралык жарманкеге катышууда. Өткөн жылдагы жарманкеде кыргыз ишканасы Disneyland менен келишим түзгөн, Германиядан заказ алган. Бул жолу да заказ алуу үмүтү бар. Бирок кыргыз кийимдерин же кездемесин экспорттоодо айрым тоскоолдуктар жоюла элек. Париждеги Apparel Sourcing Paris эл аралык текстиль жарманкеси кыргыз фабрикасы Германиядан кардарын таап, Disneyland…

Күч түзүмдөрү бизнести тоорубай, коруса

Бир жарым миллиондой сомдук товарын алдырган ишкер Нурбек үч айдан бери иш козгото албай жаканын айтып, Би-Би-Сиге кайрылды. Анын ишениминде, шектүүлөр тергөөчүлөргө акча берип койгон. Ал эми Кыргызстандагы адвокаттар союзунун мүчөсү Адилет Исраилов өлкөдө бийлигиң, байланышың же акчаң болбосо укугунду эч ким эске албайт деп абалды кыска сүрөттөдү. Жүгүн алдырган ишкердин абалы Орусияга каттаган ишкер…

“Кара тизме” түзүлдү, эми эмне болот?

Улуттук статистика комитети соңку алты айга карата мамлекттик мекеме, органдарга элдин ишеними канчалык экенин аныктап чыкты. Бул ишеним индекси атайын сурамжылоонун негизинде даярдалган. Эл ишеними төмөн же жогору экенин аныктоо үчүн атайын маалымат жана суроолор даярдалган. Мурдагы жыйынтыктарга салыштырганда бул ирет кандайдыр бир өзгөрүүлөр бар экенин байкоого болот. Мисалы Жазаларды аткаруу жана Бажы кызматы эл…