1953
күнүнө
за день
392048
айына
за месяц

Ачык саясат

Карапайым элдин муңун ким угат?

Азыр анологдук берүүлөр өчүрүлдү. Эл буга даяр эмес болчу. Учурда нааразычылык күч алды. Редакциянын телефонун тындырбай чалган жарандар, санарипке кошулуу мөөнөтүн узартып берүүнү бийликтен суранып жатышат. Анткени теледен жаңылыктарды көрө албай калышкан. Ошондой эле жазгы талаа иштерине болгон каражаттары кетип, санарипке кошулууга көпчүлүктүн чама-чаркы келбей жатыптыр. Бийлик карапайым эл менен да эсептешип койсо болот эле.…

Отунбаева жаш баладан кагуу жеди

Президенттик шайлоого байланыштуу жарандык форумда экс-президент Роза Отунбаева Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны «Акаев, Бакиевдин кадрлары менен иштешип жатат» — деп айыптады. Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков да оңой эмес экен, Отунбаеванын оозун Ошту каратып, «Отунбаева Акаев, Бакиев менен иштешип, Тышкы иштер министри болуп турган, анын жакындары бийликтен кызмат ала албай калса эле бирөөлөрдү акаевчи,…

Күйгөндөн айтам бир сабак!

Бүгүн эртең менен улуттук онкология борборунун поликлиникасында болдук. Бардык жерде кезек күтмөй, тар, дааратканасы ыңгайсыз, таза эмес. Кайсы кабинеттин алдын караба, бардык жерде өңү кубарган адамдар кезектин узундугунан араң турушат, ыргалып. Дарт деген адамды ушунчалык өзүнө көз каранды кылат экен, даба издеген адамдардын көптүгүнөн бут малаарга жер жок. Бу Бишкекте качан жаңы, кенен оорукана курулат?…

Дамиранын тырмагына тең келе албаган Чолпон айым

Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын таскагы катуу чыкпай жатат. Мурдагы Дамира Ниязалиеваны сагынып издегендер көп өкмөттүн ичинде. «Иштин майын чыгарып, жасаган иштерибизден кадимкидей ырахат алчубуз» дешет. Мыктыны мыкты эле деш керек, Ниязалиева Дамирадай иштин көзүн билген кадр жокко эсе. Учурда социалдык тармакка дал ошол Дамирадай кадр керек болуп турат. Ал эми, Социалдык фонд…

Кеңешбек Дүйшөбаевден үн чыкпай калды го ыя?

Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн бири Кеңешбек Дүйшөбаев да Атамбаевге катуу таарынып, таарынычын ачык эле жарыялап, оппозиция тарапка ооп, Отунбаева эжекесинин жанынан чыкпай калган. Анда-санда массалык маалымат каражаттарына чыга калчу маек берип. Акыркы күндөрү көрүнбөй кетти. Революциядан кийин бул киши да бир топ иштерге аралашса керек, ошого бийлик кысып отур деп койду окшойт. Кайран кишини карайлап эле…

Аида, балдардын майрамынан колуңду тарт!

Жогорку Кеңешке депутат болуп келсе эле тантып сүйлөө деген жалпы оору жугабы, айтор, ким билсин, биссимиля дегенде эле ботокстон баштаган КСДПчы депутат Аида Касымалиева дагы бир акылсыз ойду балп этти. Аиданын айтыма карасак, быйыл 1-июнь балдар күнүн майрам катары өткөрбөй, анын орудуна баарын мектепке айдап келип, коопсуздук боюнча сабак өтүш керек экен. Анткени акыркы убакта…

Бакыт Төрөбаев пиарщиксиз калганбы?

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевди реклама кылчу адамдар жок калса керек. Фейсбук социалдык баракчасын ачып алып, өзүн-өзү пиар кыла баштады көптөн бери. «Биз мындайбыз, тигиндейбиз, биздин партия мындай-андай» — деп. Э, кокуй, президент болчу киши акчасын аябастан бир же эки пресс катчы алып койбойбу. Өзү депутат болуп иштейби же эртеден кечке реклама менен…

Ажы Ажо болсо…

Күзүндө болжол менен 19-ноябрда президенттик шайлоо өтө турган болду. Бул дата белгилүү болгонго чейин эле Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарышка кошула турганын билдиришти. Кошула тургандар али толтура. 25 жылдан бери Акаевдердин ашына туз салып жүрүп «элитабыз» деген деңгээлге жеттик деп дердейип жүргөндөрдүн дагы он чактысы «мен президент болгонго даярмын» деп шымаланып чыгаарына ишене…

Абдылдаев да президенттикке аттанат экен

Бир болчу депутат Мыктыбек Абдылдаев да президенттикке талапкерлигин коет экен. Анын жашын, иш тажрыйбасын, билимин, деңгээлин эске алганда президенттикке татыктуу эле адам. Бирок аны эл колдойбу кеп ушунда. Бул жагынан кыйыныраак болуп калат го. Анын үстүнө акча да керек. Ал эми Абдылдаевде акча билишибизче жок болсо керек. Кандай болгон күндө да убакыт көрсөтөт. Булак: Ачык…

Кулмурзаев кайда баргысы келет?

Тургунбек Кулмурзаев деген бирөө бар чүйлүк. Бир топ кызматтарга барды, бирок жарытарлык иш жасаган жок. «Кыргызгазды» сазга батырып кеткенден бери дайыны чыкпай калган, эми баш көтөрө баштаптыр. Жакын арада кызмат алып калышы мүмкүн. Ушундайлар кетмейинче Кыргызстан жакын арада оңолбойт окшойт. Булак: Ачык саясат