2018
күнүнө
за день
365732
айына
за месяц

Ачык саясат

Мамытов компьютердик клуб ачкандан көрө майып карындашынын абалын сурап койбойбу

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов кандай ыкма менен акча таап жатканы боюнча бизге маалымат түштү. Өздүк булактын берген маалыматына караганда, ал 4 ай мурун Бишкектеги Жал кичи районуна 200 адамга ылайыкташкан компьютердик оюн клубун ачып капчыгын калыңдатып жатканы белгилүү болду. Бирок Талант мырзанын Майлуу-Суу шаарындагы аталаш карындашы инсульт болуп 4 жаштардагы кызын жалгыз чоңойтуп жатканы…

Бекназаров Салянованы, Осмонов Бекназаров менен Ташиевди камаш керек дейт

Өткөн жумада Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин чай үстүндө маектешип, анда Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендерин айтып жаткандары жазылып алынган аудио жазуу жарыкка чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Көп өтпөй кечээ жакында Азимбек Бекназаровдун журналист Раушан Рыкунова тарабынан жашыруун тартылып алынган кадрдан сырткары маек да жарык көрдү. Анда Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин тастыктаган…

Мэрия каякты карап жатат?

Борборубуз Бишкек шаарында эс алуучу сейил бактар саналуу гана. Алардын бири Эркиндик бульвары. Азыркы күндө жергиликтүү тургундар сейил бактын ичине жолбун иттердин көбөйгөнүн билдиришип, антисанитария дешүүдө. Шаардыктардын айтымында, азыр жолбун иттердин саны өтө көбөйүп кетти, азырынча адамга кол салуу боло элек, бирок андай болбойт дегенге да кепилдик жок. Анын үстүнө жолбун иттер ар кандай оорунун…

Рахманов Барпиевдин  тизгинин тартып, өпкөсүн үзүп койбосо болбойт

Бишкек шаардык милиция башчысы Сталбек Рахманов шаардык патрулдук милиция башчысы Талантбек Барпиевдин тизгинин тартып, өпкөсүн үзүп койбосо болбойт. Улан Исраиловдун го ага духу жетпей жатат. Жакын арада отузга жакын МАИ кызматкерин себепсиз иштен айдаганы жатыптыр, анын ордуна башкаларды алат экен. Бул деген кыпкызыл эле бизнес экенин баарыбыз жакшы билебиз. Тизгинди тарткыла! Кудайдан корккула! Ар бир…

Жылкыбаев менен Моңолдоров Акибаевдин бармагына да тең келе албай жатышыптыр

Өкмөттүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев областтын арабасын анчейин тарта албай жатканы жергиликтүү тургундар тарабынан айтылууда. Аткаруу бийлигиндеги жалпы иштердин баарысын орунбасары Замир Моңолдоров чечип, ал кишинин арты менен иш жүрүп жаткан экен. Анысы да жардамын жөн бербей, ушундан көрө губернатор өзүм болсом жарашмак таризинде иштеген ишин колко кылып жүрөт дейт. Экөөлөп иштесе…

Сокулук милийсасынын иши ич жылытарлык эмес

Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук милийсасынын жүргүзүп жаткан иштерине аталган райондун жергиликтүү тургундары нааразы. Райондо болгон ууру-кески кылмыштардын бети жылдап ачылбай, аягында жабылуу аяк бойдон калып, алар менен кызыл шапкечендер өздөрү табакташ болуп алышарын айтышты. Бул эмне деген шумдук?! Карапайым элдин үнүн ким угат? Көзгө басар жалгыз эле ушул милийса калса анысы да минтип өз…

Кудайды карасаң боло серепчи

Табылды Акеров деген тарыхчы бар. Саясий серепчи катары ыңгайы келе калган жерде күкүктөй үн ката коймой адатын коомчулук жакшы билет. Кийинки кездери бийликке ыгы келсе да, келбесе да сын айтканды адатка айлантты. Сыягы, бийликке азуу көрсөткөндөр элге жагат дегенге азгырылып алган окшойт. Табылды мырза 2010-жылдын 7-апрелинен кийин президент Атамбаевдин аппаратын жакшы эле шынаарлады, устукан үмтөтүп.…

КСДП эки мүчөсүн партиядан чыгарды…

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 9-августта жыйынга чогулуп, бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алганын партиянын маалымат кызматы кабарлады. Саясий кеңеш партия мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду КСДПнын катарынан чыгарган. Буга Абдрахмановдун партиянын чечимине баш ийбей президенттикке талапкер катары чыкканы, Ренат Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы себеп болгону айтылат. КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери…

Өпкөсү жок таластык дечү беле?

Өмүрбек Суваналиев деген бир мыкты генерал акебиз бар таластык. Чынында мыкты киши, өз ишинин профессионалы. Бирок Өмүкебиз кээде ашыкча эле төш кагып, мактанганда бери жактагы киши ыңгайсыз абалда калат, уялбагандан өзүң уял болуп. Айтайын дегенибиз, Суваналиев Бабановго тийишип жаткан кримтөбөлдөрдүн баарысын ордуна койгон имиш, болгондо да Оштогу “черныйларды” ордуна коюптур. Эми буга ким ишенет ыя?…

Барпиевдин агасы Искандарбектин крышасыбы?

ИИМдин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына караштуу шаардык патрулдук милиция кызматынын башчысы Талантбек Барпиевдин мыйзамсыз иштерин шурудай тизмектеп жазып келебиз. Тилекке каршы Барпиевге карата бир да жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн эмес. Бардыгы бармак басты, көз кысты болуп калып калган. Эмне себептен? Көрсө, «Балык башынан сасыйт» болуп, Талант Барпиевдин бир тууган агасы Таалай Барпиев Ак…