1308
күнүнө
за день
157728
айына
за месяц

Бабановдун соңку “фокустарына” бийлик алданбай калды

Эл назарындагы Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткенин жар салган, ага улай БШКга депутаттыктан кетүү арызын чет өлкөдөн эле берип жибериптир. Бирок, андай арызы тийиштүү юридикалык талап менен күбөлөндүрүлбөгөндөн кийин жараксыз болуп, эки анжылыкты жаратып койду. Өзү келе албайт, келсе камалат. Аныгында, ансыз да ачуусу келип турган бийлик кожоюндары Бабановдун мындай ойнотуп атканына кыжырлары чындап кайнай баштаганын эшиттик. Эмне үчүн ал мандатынан баш тартып, саясаттан биротоло кеткенин билдирип чыкты? Эң оболу,…

Өлкө жетекчилери жолугушуп, эмнелерди талкуулашты?

Кечээ, 17-январда, президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушту. Анда “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө”  жарлыктын алкагында өлкөнүн жакынкы жылдардагы биринчи кезектеги милдеттери жана максаттары талкууланды. Жээнбеков премьер-министр кезинде аймактарды өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыздоо, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары кабыл алынганын белгилеп: “Бул Жарлыктын максаты…

Назарбаев-Трамп жолугушуусу: “АКШнын Борбор Азияга мамилеси өзгөрүп жатат”

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШдагы расмий иш сапары уланууда. Ал кечээ Дональд Трамп менен жолукту. Анын алдында “Ак үй” негизги каралчу маселе коопсуздук жана экономикалык кызматташтык болоорун айткан. Жаңы С5+1 диалог форматынын маанисин белгилеген Назарбаев АКШ менен Россиянын мамилесинин начарлап кеткенине токтолду. АКШда бизнес чөйрөсү менен тегерек үстөлдө 7,5 млрд долларлык келишимге кол коюшарын белгиледи.…

Өзбекстан: имамдар мечитке келгендерди гезиттерге жазылууга мажбурлашууда

Өзбекстанда имамдар мечитке келгендерди мамлекеттик басылмаларга жазылууга мажбурлап жатышат. Имамдардын бири гезитке жазылуу үчүн акча чогултуу — өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын тапшырмасы экенин билдирди. «Бизди 30-60 миң сумдан (3-6 доллар) төлөп, эч ким окубаган гезиттерге жазылгыла деп жатышат. Имамдын айтымында, эгер биз басылмаларга жазылбасак, мечитибиз жабылат экен», – деди Ташкент облусунун жашоочуларынын бири. Анын айтымында,…

С.Айжигитов: «Чек арадагы айылдарга өзгөчө макам берсе каржы булагын мен көрсөтүп берем»

Чек арадагы өзгөчө статусу бар айылдардын санын көбөйтүү сунушталды. Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик макамды 150 айылга берүүнү демилгелеп жатат. Учурда толук тизме даярдалды. Эми өкмөттүн токтому менен түзүлгөн комиссиянын кароосуна барат.  Мына ушул теманын алкагында Баткен облусунун мурунку губернатору, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи  Султанбай Айжигитов менен маектештик. Султанбай  Абдрашитович, чек…

КУУнун окутуучулары ректор Канат мырзанын “канатын” кайрыш керек дешүүдө

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Клара Сулайманова бүгүн 17-январда маалымат жыйынында ректор Канат Сыдыковдун “канатын” кайруу керектигин билдирди. Анын айтымында, жарым жыл мурун жетекчи болуп келген ал кадрдык жана каржылык саясатты туура эмес жүргүзүп, окуу жайдын каражатын оңду-солду чачууда. Буга университеттеги 259 студент да нааразы экенин билдирген ал буга чейин укук коргоо органдарына…

А. Келдибековдун 15 миң доллары талаага кетти

Кыргыз коомчулугуна “коррупционер” саясатчы катары жакшы таанымал Акматбек Келдибековдун илимге башын “тыгып”, билегин түрүп докторлук диссертация жазып, илимдин доктору болмокчу болгону маалым. Би­рок ал илимий ишти өзү жазмак кайда. Тиши өтмөк беле. Андыктан аны экс-депутат Э. Жумалиевага жаздырып жатыптыр деп жазып чыгышып, эл кезинде кызуу талкууга алган болчу. Ал тургай “Де-Факто” гезити илимий ишти 15…

Түркиянын аскерлери күрттөр көзөмөлдөгөн аймакка жакын топтолууда

Түркиянын президенти Сириянын түндүк тарабындагы күрттөр көзөмөлдөгөн эки аймакка аскерлерин киргизебиз деп эскертти. Түркиянын танкалары жана жөө аскерлери чек арада топтолууда. Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, Африн жана Манбиж шаарларындагы “террордук түйүндөрдү” жок кылуу үчүн Сириянын козголоңчулары түрк аскерлерине көмөктөшөт. Бул аймакты күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуундары (YPG) аттуу топ көзөмөлдөп келет. Анкара болсо топту террордук уюм…

Тонналаган күйүүчү май төгүлүп жатат, айкырып чыккан эч ким жок. Экологияга зыяны тийбейт окшойт ээ…

Экологияны коргоо темасы акыркы жылдары бүт дүйнө жүзүндө башкы көйгөйгө айланганы маалым. Анткени абанын булганышы менен дүйнөлүк температура көтөрүлүп мөңгүлөрдүн ээришин тездетүүдө. Анын кесепети эмнеге алып келери баарыбызга маалым. Мындай климаттык өзгөрүүнүн негизинде Кыргызстандагы мөңгүлөр дагы талкаланууда. Алсак, 60-70-жылдары Кыргызстандын аймагында 8000 миңдей мөңгү болсо, бүгүнкү күндө анын 2000дейи ээрип жок болгон. Мунун башкы себеби,…

Төрөбаевге сын айткан такыр жарашпай калыптыр

Бакыт Төрөбаев баягыдай кадыр-барктуу болуп турганда өкмөттү, өкмөттүн мүчөлөрүн сындап, кемчилигин айтып турса, жарашчу эле. эми ушу тапта ошентип сын айтып бакылдап турса, эч эле жарашпай калыптыр. Себеби, кимге сын айтса да, анын сөзү өтпөй деле калыптыр. Анткени, шайлоодо Бабановго кошула коем деп, өзүнүн кадыр-баркы менен кошо “Өнүгүүнүн” да биртке аптаракатын өлтүрдү. Ошондон улам Төрөбаев…