3017
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Month: March 2018

Кулов аялына болушуп чыкпайбы?

Улуттук банк “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун аялы Фатима Абдрасуловага тиешелүү “Плюс кредит” микрокредиттик ишканасын жапты. Буга аталган ишкананын Улуттук банктын эскертүүлөрүн жана укуктук актыларды аткарбаганы себеп болгон. Натыйжада күбөлүгү алынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Юстиция министрлигинин сайтында ишкананын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп Абдрасулова Фатима Карашевна көрсөтүлөт. Эми Феликс Кулов бул иштен саясат жасап, менин саясий ишмердүүлүгүмө…

Спикер Жумабеков эмне үчүн Текебаев менен Исаевдин абалын сурабайт?

Рубрика төрүнө бул сапар Жогорку кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду чыгардым. Кесиптештери тарабынан спикердин ишмердүүлүнө карата кескин сындар айтылып, “парламенттин төрагалык даражасына чоң шек жаратты” деген өңдүү пикирлердин күчөшү эмнени түшүндүрөт? Парламенттин депутаттарына алдына иш козголуп, арты сот тарабынан мандатынан ажырап, айрымдары камакка алынышууда. Мындай шартта төрага Жумабеков эл өкүлдөрүнүн таламын талашып, укугун коргой алдыбы? Дегеле…

Тажикстан Кытайдын жардамы менен жаңы алюминий заводун салат

Тажикстанда тажик-кытай биргелешкен алюминий ишканасы салынат. Бул тууралуу ТАЛКО компаниясынын маалымат-аналитикалык департаментинин жетекчиси Игорь Саттаров билдирди. Курулуш иштерине байланыштуу алюминий заводу эки жылга ишин токтотот. Саттаровдун айтымында, жаңы завод салуу боюнча Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды. Маалыматтарга караганда, жаңы алюминий заводунун кубаттуулугу жылына 503 миң тоннаны түзөт. Анын түзүмүнө куйма жана анод…

Камчыбек Жолдошбаев маршрутка жүргүнчүлөрүнө тынчсызданат

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Бишкектеги кичи автобустардын жүргүнчүлөрү жолдордо авариялык жагдайларды жаратып жатканын айтып чыкты. Ал парламент жыйынында маршруткалардын жүргүнчүлөрү аялдамадан эмес, көчөлөрдүн кесилиштеринен түшүп жатканын белгиледи. “Маршрутка жолдун үчүнчү сызыгында турса да жүргүнчүлөр көчөлөрдүн кесилиштеринен түшүшөт. Ошол учурда аларды башка унаа коюп кетсе эмне болот?” – деди депутат. Эл өкүлүнүн айтымында, Бишкек-Ош…

Аида Касымалиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Парламенттеги эркек кесиптештерим аялдар көрк үчүн эмес, эл үчүн кызмат кыларын сезе башташты”

Өлкөдө аял-эркектин укугу тең» деген менен турмушта такыр башкача. «Парламентте 30% аял болсун» деп мыйзамда каралганы менен, учурда болгону 16% гана аял депутаттар бар. «Кыргызстан» менен «Бир Бол» партиялары шайланып келген аялдарын сүрүп таштап, ордун эркектер уялбай ээлеп отурушат. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» бир аялды эле уятынан калтырса, «Республика – Ата Журт» төрт, ал эми «Ата…

(ФОТО) “Эгемендин” мурдагы башкы редактору мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

“Эгемен Казакстан” гезитинин башкы редактору Ержуман Смайл 27-февралда дүйнө салды. Бул тууралуу, коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты. “Эгемен Казакстан” АК башкармалыгынын башчысы Дархан Кыдырали соцтармактагы баракчасына: “Бүгүн биздин жамаат чоң жоготууга учурады. Ер-ага элдик гезитин жетектеген Ержуман Смайылдын өлүмү тууралуу эшиттик. Жыл башында эле анын “эгеменчилери” Ер-аганын 70 жылдыгын белгилешкен. Кечээ жакында эле дасторкон четинде…

Мамытбек САЛЫМБЕКОВ, экс-депутат: “Бюджеттин децицитинен өздүк продукцияларыбызды cатканда гана кутулабыз”

– Мамытбай мырза, учурда өлкөбүздүн ички жана тышкы карызы жыл сайын көбөйгөндүн ичинде гана болууда. Мамлекеттик казынадан азырынча профицит менен чыга турган түрү жок. Айтыңызчы, биз мындай көйгөйдөн канткенде арылабыз? – Өзүбүздүн продукцияларыбызды сыртка чыгарганда гана. Маселен, ошол эле сүт, эт, жүн, тери жана айыл чарбадагы алынып жаткан жер-жемиштерди толук кайра иштетип, евростандарттка жеткирүү менен жеңил…

Кара-Суу базарындагы чырга вице-премьер-министрдин аты аралашты

Кара-Суу базарынын 12 га жери соодагерлердин талашына түштү. Эки тарап тең соода жайларына мамлекеттен кызыл китеп алып алышкан. Базардагы талашка өкмөттүн вице-премьер министри Чолпон Султанбекованын аты да аралашып жатат.   Кара-Суу базарында 76 сотых жердин ээси Кумирахан Мирзаева акыркы 2 жылдан бери соттошуп келатат. Ал бул сөздөрүн Ошто маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди. Анын айтымында, бул…

А.ЖАМАНГУЛОВ, “РАЖ” фракциясынан ЖК депутаты: “Саламаттык сактоо министрлигинен коррупциялык схема табылды”

– Акылбек мырза, эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин гаражында дат басып жаткан «Тез жардам» машиналары тууралуу аябай чоң сөз болду. Ал эмне болгон машиналар? – Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы гранттык келишимдердин негизинде үч долбоор аткарылып жатат. Биринчиси, Бишкекте перинаталдык борбор салынып, экинчиси, «Тез жардам« унаалары алып келинген. Перинаталдык борбор боюнча…

Жаз келгени менен ирригациялык иш-чаралар кечигүүдө

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында жазгы талаачылык иштери, жөлөкпул маселелери көтөрүлдү. Жаз келген сайын демилге көтөрүлүп, жер-жерлерге ар кайсы бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Бирок анын баары өнүп кеткенде Кыргызстан токойго айланмак, бирок андай болбой жатат. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Аалы Карашев тигилген көчөттөрдүн өнүп-өсүп жаткандыгы көзөмөлдөнбөй жатканын сынга алды. Мындан сырткары,…