3145
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Саясаттын котур ташынан сактан

Негизи саясаттын “ичегисине” тууралап кирип кетсең бакыйган кызматты чеңгелдеп, жыргалга батасың, эгерде “тегирмендин” барасына түшүп калсаң паралич болуп калышың кеп эмес. Учурда ааламды сарк айлантып, баарын чүкөдөй калчап жүргөн билермандар үстөмдүк кылышууда. Ал эми жылдызы жалп эте өчүп калган бечаралар көзүн тостойтуп караңгы жерде отурат. Айрым “жөө күлүктөр” өлкөдөн безип кетишип, алыстан дүрбүсүн салган кези. Көрсө турмуштун өзү бүтпөгөн күрөш тура!

Сөздү тайсалдатпай эле фактыга кайрылалы. Муну биз табалагандай түрдө эмес сабак болчудай багытта баяндайлы деп турабыз. Башында кеп баштагандай саясаттын ар кыл өңү-түсү болот экен. Агына эрмешсең эл арасында эсенчиликте, бакубатчылыкта, салабаттуу жашай аласың. Капыстан кочкулуна балп келсең башыңдан кара булут айлынып айлаңды курутат. Керек болсо корозчо “азан” чакыртып, итче уулутат. Мындайда сени дуулдатып коштоп, этегиңе намаз окугандар жакындабай калат. Мурда сен тийген күн болсоң эми каран түнгө окшоп каласың.

Кандай деп сыпаттабайлы Өмүрбек Бабановдун ооматы шойкомдуу саясаттан тайыды. Тайымак тургай кекиртегинен тескери кыймыл-аракетинен улам кайырмакка илинди. Анын тайыз экенин, байлыктын, бийликтин кулу болгону айкын эле билинди. Жаза баскан кадамдарынан таманы айра тилинди. Айбаттуу эрки сынып, акыры бийликтин азыркы кожоюндарына миң ийиле жүгүндү. Баштагы “опурталдуу” токулган пландары бүлүндү.

Арийне, коштоочуларына, өткөн күздөгү шайлоодо бозодой боркулдаткан колдоочуларына кесепети тийген жок деп айтуу эрксиздик. Фархат Иминов деген депутат азыр каерде жрт баш калкалап? Канат Исаев кантип күн өткөрүп жатат болду экен караңгы жерде? Кайсар кайсалактап не иштин башында учурда? Бакыт Төрөбаевдин жүрөгү сол жактан оң тарапка кетпеди бекен коркконунан? Мирлан жээнчороевдин бакылдаганы парламенттен угулбай калды? Мелис Аспековдун тагдыры эми кандай чечилет? Тамадалар, жамакчылардын мурдунан курту кыбырабай калганына ким себепкер? Ушулардын баарына саясаттын “генералы” болом деген  Өмүрбек Бабановдун тиешеси жок деп ким ортого чыгып тастыктай алат? Демек, саясатттын котур ташы кимдин башына дал тийсе ал оңбой калат. Же мунун жалганы барбы ыя?

Булак: Ачык сөз

Share This Post

Post Comment