3217
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Аныгын эле айталычы?

Жылына жаздын эпкини жыттана баштаганда кичине кичине илинчекти чоң нерсеге айландырып алып, ичиндеги бугун элге жайылтууга аракет кылган “ийри жыландар” бар. Жакындан бери бери коомчдуктун бүйүрүн кызытууга ышкысын козгоп жиберишти. Мынакей кырк кадам эмес бир кадамды жасай албаган өкмөттүн жүзү аныкталды, президент болсо эки жагын элеңдеп караган бойдон эсине келе албай турат. Элдин чыдамы кетти,эми күн ысый түшсө козголуп кетеринде күмөн жок. Жашообуз кургуйга кулады, – деп бобулбас каккандар кылтыйган абалда турганы эмнеден?

Маселен, карапайым элдин тополоң чыгарууга ниети таптакыр жок. Анткени кайсыл топтун бийлиги келбесин аларга жылуулугу такыр тийбейт. Ошондуктан алар өз оокатын кылууга жанталбасташары белгилүү. Учурда учурда дыйкандар үрөнүн камдоого, жер семирткичин алууга, техникалардын сабына тизүүгө кам көрүшүүдө. Элеттиктер болсо малы менен алышып, төрт түлүгү менен алек. Башкалары кабыраганын токтотпой өз арабасын кылдыратууга муктаж. Демек, жай турмуштагы пенделерге оболу өлкөнүн туруктуулугу биринчи орунда турат.

Башаламандыкты коопшого ошондо кимдер кызыктар? Арийне, бийликтин тепсендисинде калган азыноолак топко, безип кеткен тың чыкмалардын бул жердеги саркындыларына бүгүнкү  тынч, бакубатчылыкты айгинелеген абал жакпай турганы ырас. Ошон үчүн алар мамлекеттин түз бараткан кемесине тоскоолдук кылууга ынтызар. Андай “толкунду” жаратууга чамданган күмөндүү топ ириде маалымат булактарына болбогон “жомокторун” токуп окурмандар айдыңына таратууаг кызыктар. Бийликке секирсе да жетпей калдандардын негизги максаты ортодо нааразычылыкты түптөө болуп саналат. Мурдагы ажо менен азыркы өлкө башчысынын мамиле бузууга, ар кандай “диверсиялык” чагымдарды ойлоп чыгарууга, эптеп эле бүлүк салууга шыктангандардын “идеялардын” чындыкка окшотурууга өтө катуу аракет кылган “конструкторлор” бар экендиги кимди күмөн санаттырат? Андай кагазга кооз тамга менен кытыгылаган кептерди токуганарды бапестеп багышканы деле жалган эмес. Анткени алардын курсагы ошондой эпчилдигинин эсебинен кампайганын акылы жетишпегендер эле билбей калбаса башкалар жон териси аркылуу сезип турушат.

Калктын калыс таразасы көкүрөгүндө сакталуу. Кимдин кандай бүдөмүк ойлору бар экенин, элге жакшылыкты баары бир мамлекет ыроолорун, ортого отту кайсыл эргулдар жагаарын баамдаганга кудурети жетет. Ошондуктан жазгы тополоңдорду козуткусу келгендердин жетегинде болуп кетет деген жөн гана миф. А бирок, батыштын эпкини, кеткендерин чегерип турган арам каражаттарды, котур ташы барлардын аракети эч качан токтобойт. Өлкөдө тирешүү очогунда түтөгөн абал бойдон кала берет. Ошондуктан ушул тараптагы кол башындай “желдерди” арбытып жибербөөгө белсемдүү күрөш жүргүзүүнү күч түзүмдөрү эстен чыгарбоосу кажет. Учкундан алоолонгон өрт чыгып кетиши кайдыгерликтен улам кечиримсиз абалга кептерин да айта кетели. Айтор, сактык принципти колдон чыгарбоого умтулуу мезгил талабы деп койсок болот.

Булак: Ачык сөз

Share This Post

Post Comment