3167
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

“Азия Моллдогу” зоопарктагы еноттор кишилерге кол салды

Ө. Бабановдун зоопаркындагы жан-жаныбарлары капысынан чыга калып, кишилерге кол салып жатканы Ө. Бабановдун саясаттагы образын жараткандай болууда. Балким “Өлкөдөн чыга качкан Ө. Бабановду капаска камабасаңар ушинтип элге кол салат” деп жараткандын берген белгиси болуп жүрбөсүн? Айтор кандай болсо да “мал ээсин тартпаса арам өлөт деген ушу тура.

Ө. Бабанов президенттик так талашта жыдып, акыры кылган кылмышы моюнуна илинээрде өлкөдөн чыга качып жоголгон. Чет жерде жатып алып “Республика-Ата Журт” партиясынын лидерлигин, ага кошуп депутаттык мандатынан да кечти. Эми саясатка кайрылып келбейм салам дубай жиберген.

Бабанов мырза саясаттан кеттим дегени менен Кыргызстанда толгон-токой менчиктери иштеп жатат. Иштегени курусун, дыйкандарга берилчү арзан кредиттин эсебинен аялына салып берген “Азия Мол” соода борборундагы зоопаркта капаста жаткан енот бошонуп кетип, зоопарктын кызматкерлерине кол салды. Тактап айтканда быйыл январь айынын этегинде “Азия Молл” соода борборундагы майда балдардын капчыгын кагып күн көргөн зоопарктан енот баш болгон майда жандыктар чыгып кетип кызматкерлерди беймаза кылган.

Оор жаракат алгандар жок. Бирок чыга качкан еноттор эки кызматкерди тиштеп, алар жарат алганы айтууда. Баса, бул соода борбору Ө. Бабановдун көздөй кишиси Сагадылда уулу Жаныбек башкарып келатат. Ызы-чуудан башы чыкпай жүрүп жадаган белем, Жаныбек акыры аты-жөнүн да өзгөртүп алган жайы бар. Азыр Мырзабаев болуп жүрөт.

Соода борборун кожоюндук кылган Ж. Мырзабаев «жан-жаныбарлардын чыгып кеткенин эл укса эмне болот?” – деп кызматкерлерин катуу карыды. Мыйзам боюнча өндүрүштүк травма алган кызматкерлерге тийиштүү компенсация төлөнүшү керек. Бирок Ө. Бабановдун шайлоодо короткон каражаттарын толукталбай жатканбы, айтор эки кызматкерине компенсация бербей, алдап-соолоп жатканын кандай бааласак болот? Жаныбек мырзанын жараат алган адамга эмес, акчага жаны ачыганын бир эсе түшүнсө болот. Устатынан үйрөнгөнүн кылат эмеспи.

Булак: Мантыш

Share This Post

Post Comment