3146
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

“Өнөрүңө” баракелде, Бектур Асанов!

Бийликти күч менен басып алып, Кыргызстанды канабайрам кылам деген жеринен кылтакка илинген саясатчы Бектур Асанов 19 күндөн бери “ачкачылык” кармап жатат. Элдин баары “Бектурга кыйын болду, баса албай калыптыр” деп боору ооруп жатканы менен жакындары тескерисинче сүйүнүп жатыптыр. Анткени, Бектур мырза көп жылдан бери ашыкча салмактын азыбын тартып, жада калса өз батинкасын да кийе албай турган абалга жеткен экен. Абактагы “диетасынын” пайдасы тийип, учурда бир топ салмак таштап, жеңил-желпи кыймылдап калган дейт. Б.Асановго жолугуп чыккан туугандары да ушуга курсант болуп жатканын айтышууда. Ырас болуптур деп.

Жакында эле абакта “ачкачылык” кармап жаткан соттолгон саясатчыларга депутаттар да жолугуп чыккан. Айрым ээн ооз эл өкүлдөрү Асанов өлгөнү калды деп айкырык да салышкан. Бирок, 19 күндөн бери “былк” этпей, “ооздоруна наар албай” турат. Дүйнөлүк ачылыш жасагансышып.

Акыл-эси жайында адам булардын мындай “концертине” эч качан ишенбейт. Анткени, медицинанын мыйзамы боюнча киши 4 күн гана кургак ачкачылыкка чыдай алат. Төрт күн бою эч нерсе жебеген адам эртеси ордунан тура албашы аштан бышык. Андыктан, Бектур Асанов баштаган “төңкөрүшчүлөр” бир чети арыкташ үчүн, экинчи жагынан элдин көңүлүн өздөрүнө буруш үчүн “орозо” тутуп атат десек жаңылышпайбызбы? Андай болсо Бектур Асанов жазасын өтөп бүткөн соң драмтеатрга ишке орношсо кантет? Балким, өнөрүнөн баар таап, “эл артистигин” алаттыр? “Өнөрүнө” баракелде дейбиз, баракелде-е…

Share This Post

Post Comment