3111
күнүнө
за день
127507
айына
за месяц

Жыргалбек АЗИМОВ: «Арактын айынан селсаякка айланганыма өкүнөм»

– Мен  Кара-Суу районунун  Баш-Булак айылынан болом, 47 жаштамын. Орто мектепти бүткөндөн тартып трактор айдап дыйканчылык кылып жакшы эле жашоодо жашачумун. Кээ бир учурда устачылык да кылчумун, колумдан бардык иш келет болчу. Ошентип жүрүп эл катары мен да үй-бүлө күтүп бир уул, бир кыздуу болдум.  Устачылык  кылып  жакшы эле акча таап  үй-бүлөмдү бакчумун. Ошол кездерде  достор менен бир аздан арак ичип олтуруп, бара-бара  биротоло аракка берилип кеттим. Yйгө күндө арак ичип келип аялымы сабап, балдарымы кубалап  салчумун. Аялым да арак ичкен кезимде  мени менен тең тайлаша урушуп,  кайра менин жиниме тийчү. Аялыма өчөшүп үйдүн ичиндеги буюмдарды ыргытып,  колума кирген нерселерди сындырып салчу болгом. Бара-бара аракка көп берилип кеткенимденби, айтор,  үйдүн тамак-ашы, балдарымдын кийим-кечеси да мени кызыктырбай калган эле. Мага арак болсо эле болду деп ойлочумун. Ошол чөйрөдөн чыгалбай абдан кыйналдым. Ошентип жүрүп аялым  мени таштап кызым менен уулумду алып Бишкек шаарына кетип калды. Мен арактын айынан үй-бүлөм менен ажыраштым. Ата-энем каза болгон соң  өзүм жашаган үйдү да сатып  жибердим. Yйдөн керектүү гана кийим-кечемди алып чыгып кеттим. Өзүм жашаган  үйдөн айрылып, үйдөн чыккандан тартып ар кайсыл жерлерде түнөп, күн кечирип келдим. Кээ бир учурда кыш мезгилинде суукка чыдабай калган учурлар башыман көп өткөн. Жай убагында болсо парктардын ар кайсыл жерлеринде түнөп күн кечирем. Ал эми тамак- аштан  кыйналган кезде  көп учурда  таштанды  төгүлчү  жерлерди карап, ошол жерден тамак-аш таап жечүмүн. Чындыгында селсаяктын жашоосу абдан кыйын, арактын айынан ушул тагдырды, ушул жашоону тандап алганыма абдан өкүнөм. Атың өчкүр арактын айынан балдарымдын караанын  бир көрүүгө да зар болуп турган чагым. Балдарым апасы менен Бишкекке кеткен бойдон менден кабар алышкан жок. Көп учурда балдарымды эстеп аябай сагынам. Убагында  үй-бүлөмдүн кадырына жетпегениме көп эле жолу өкүнүп келем.

Бизди бул жакка алып келгенден бери жакшы жашоодо жашап калдык. Мындай жылуу-жумшак жерде жатпаганыма кыйла жыл болгон эле. Бул жерге келгенден бери өз убагында ысык тамак  ичип калбадымбы. Бизди абдан жакшы карап жатышат.

Share This Post

Post Comment